12 марта 2013, 07:27

А.Сасыкбаева: Парламент өзүнүн конституциялык мөөнөтү бүткөнгө чейин иштөөсү керек

 
А.Сасыкбаева: Парламент өзүнүн конституциялык мөөнөтү бүткөнгө чейин иштөөсү керек
Кечээ, 11-мартта «Парламент» радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Кыргызстандагы парламентаризм келечеги, анын азыркы чакырылышынын парламетаризмди калыптандыруудагы ролу тууралуу ой бөлүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Вице-спикер А.Сасыкбаева парламент көп багыттар боюнча, айрыкча калкка керектүү мыйзамдарды кабыл алуу жаатында ырааттуу иш алып барып жаткандыгын белгиледи. «Парламентте 5 фракция иштейт, демек саясий атаандаштык бар. Баардык фракциялар шайлоочулар менен жакындан иштөө менен, аймактарда жолугушууларды өткөрүп, жер-жерлердеги шайлоочулар да өз маселелери менен кайрылып турат. Кыска мезгил аралыгында парламент улуттук мыйзамдарды Конституциянын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө жетишти. Биз парламенттик көпчүлүк коалициясын, өкмөт курамын түзүү тажырыйбасын өздөшүрө алдык, ал парламенттик системаны андан ары өнүктүрүү ишинде чоң мааниге ээ болору бышык», - деди ал.

Ошондой эле, А.Сасыкбаева өнүккөн парламенттик өлкөлөрдө деле мыйзам чыгаруу органдарына карата сын пикирлер айтылат, бирок андай сындар конструктивдүү мүнөздө болууга тийиш экендигин айтат. «Сын пикирлерди угуп жатабыз, бирок парламентти таркатууну талап кылган күчтөрдүн позициясы, койгон дооматтары так болбой жатат. Мен саясий күчтөр кийинки парламенттик шайлоолорго даярданууга тийиш деп эсептейм. Ал эми парламенттин азыркы чакырылышы өзүнүн конституциялык мөөнөтү бүткөнгө чейин иштөөсү керек».

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter