12 марта 2013, 07:53

Япония Кыргызстанга 100 млн иен гранттык жардам көрсөтөт

Япония Кыргызстанга 100 млн иен гранттык жардам көрсөтөт
Кечээ, 11-мартта Каржы министрлигинде Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы алмашуу ноталарына кол коюу аземи болуп өттү. Гранттык жардам 100 млн иен өлчөмүндөгү товарлар жана кызматтар түрүндө көрсөтүлөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга каржы министри Ольга Лаврова жана Япониянын Кыргызтандагы элчиси Такаюки Коикэ кол коюшту.
Бул долбоордун максаты – Өкмөт тарабынан көтөрүлүп жаткан экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнү алга жылдыруу аракеттерине жардам көрсөтүү.
Кыска мөөнөттө Кыргызстандын элине зарыл товарларды аныктай турган кыргыз-япон комиссиясы түзүлөт. 
Иш-чаранын соңунда Каржы министри Япония өкмөтүнө жана элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптын кызыкчылыгындагы мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter