12 марта 2013, 08:15

Ташиев менен Жапаров неден коркту?

Ташиев менен Жапаров неден коркту?
Кумтөр маселеси, Кытай экспансиясы, камактагы 3 депутат, ушул сыяктуу талаптарды талылуу жеринен кармап, тагыраагы акыйкат үчүн «кашык кандары калганга чейин» күрөшүүгө бел байлаган түр менен беш айдан бери бүгүнкүнүн «Робин Гуддары» болуп жаткан камактагы Ташиев менен Жапаровдун жели күтүүсүздөн эле «желп» дей түштү окшойт. Бул тууралуу «Назар.kg» гезити 12-мартта чыккан санында маалымдайт.


«Ууланган Кумтөр баянын» ушунчалык армандуу созуп жаткан экөөнүн тарапташтары талаада калышпаса да, эки эрендин акыркы моменттеги жоруктарына таң калган бойдон калышты. К.Ташиев кечээ эле «мени сындыра алышпайт» деп жатты эле, сынмак турсун, «бычыранып» кеткен жокпу? Абакта жатып, (тынчтык митингине өзү кошо катышчудан бетер) «бизге бийликтин кереги жок» деген түшүнбөгөн түшүндүрмөсүн билдирип, «биз 13-марттагы митинге катышпайбыз» деп адвокатынан айттырыптыр.
Кумтөрдүн арты менен баатыр болгон Жапаров деле өзүнүн ат кошчулары аркылуу ушул өңүттөгү билдирүүсүн таратты. Ага чейин алар жогорудагы үч талап 10-марттка чейин аткарылбаса, 13-марттан тарта мөөнөтсүз нааразычылык акциясын башташаарын, ошол 13-март күнү Ак үйдүн алдына чогулаарын билдирген эле. Минтип чалкаларынан кетишкенине эмне себеп болду экен?

Булак : Пресс.кg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter