12 марта 2013, 08:30

Д.Сарыгулов: Акаев 2 млрд долларды жымырып кеткен

Д.Сарыгулов: Акаев 2 млрд долларды жымырып кеткен

 Өткөн жумада «Арена.kg» гезитине А.Акаев Кумтөр боюнча өзүн «апакаймын» деп берген маегинде ал кездеги «Кыргызалтындын» жетекчиси Дастан Сарыгулов жөнүндө «Сарыгулов бардык күнөөнү Чынгышевге оодарып, өзү адатынча «сүттөн ак» болуп чыга келген» деп, андан аркы сөзүндө «Сарыгулов 1998-жылы өкмөттүн макулдугу жок келишимге толуктоо киргизип, «Камекону» айрым салык төлөмдөрүнөн бошотуп коюптур деп айткан. Бул тууралуу «Назар.kg» гезити 12-мартта чыккан санында маалымдайт.

Андагы өзүм билемдиги үчүн Сарыгулов кызматтан алынган. Ошондон тарта өч алуу максатында мени каралап турбаса ооруп калаары бышык» деп айтканына «ат тезегин кургатпай» Д.Сарыгулов ага жооп кылып «жаңы дастанын» айтып чыкты. Анда «Канадага учуп барып (1992-ж. жай айларында), эл аралык аферист Бирштейндин (кийин соттолуп кетти) коногу болуп, көрсөткөн «сый урматына, чай-пайына» эрип кетип, Кумтөр боюнча акылга сыйбаган биринчи келишимди Канададан Чынгышев, Өмүралиевдерге кол койдуруп (Кыргызстандык адистерди катыштырбай, эч бир талкууга койбой) келген өзүң эмес белең?!», «мен эмгек эс алууда жүргөнүмдө мени кызматтан бошотконуңа кубанып, бир жума дачаңда арак ичип жатпадың беле?! Менден аялың аркылуу (сенин макулдугуңду албай ал минтип мага айта албайт болчу) бир млн доллар акча накталай алып келдегенде «алтын – элдики, мен болгону жалданган кызматчымын. Ал акчаны бере албайм» - деп жооп бергем. «Анда бөлөк адам сенин ордуңа барып, алып келет»- деп, аялың коркутканда, мен «анда бөлөк адамды коюп алгыла» деп чыгып кеткем». «Эгерде сен күчкө салып, адистерди, депутаттарды коркутуп, «Центеррага» Кумтөрдү сатып жибербесең, 1994-жылдагы келишим күчүндө калса, 2003-2012-жылдары Кумтөр тапкан пайданын 2,8 млрд доллары өзүбүздө калмак. 1994-жылдагы келишимди сен бузпаганыңда, кыргыз эли 2003-2012-жылдары 130-180 млрд сомду Кумтөрдөн өз үлүшү катары алмак. Анын себеби, «Камеко» «Центеррага» алтынга чалгындоо иштери бүтө элек эки аянтты кошту. Бирок, ал аянттарда алтын бар болсо бүгүн ал жерлерде алтын комбинаттары иштемек эле да! Бирок, иштеген жок ! Демек, бул аянттар жөн эле кыргыз элин алдап, «Камеконун» үлүшүн көтөрүүгө шылтоо болгон», «15 жыл бою президент болуп, кыргыз элин алдап келдиң. Бүгүн да насили кыргыз эмес инилериң менен кыргызды алдай берем десең терең жаңылышасың.

Менин ачык катыма жооп таба албаган Темир Сариев айласы кетип, сага кайрылган окшойт: «Сарыгуловду канча шыбап, көөлөсөм, болбой жатат, өзүң жардам бер»-деп. Мен эми түшүндүм, Кумтөрдүн айланасында уюштурган саясий оюндардын баарында көшөгө артында сен өзүң турган экенсиң, мындан ары да тура берет окшойсуң!». «Мисир досуң (Аширкулов) гезитке жазып чыккандай, сен Кыргызстандан 4,5 млрд доллар алып чыккан экенсиң. Бирок, «Центерра» аркылуу дагы 1-2 млрд доллар алганыңды ал билбей калган окшойт. («Центерранын» акцияларын алган эмесмин дептирсиң. Акциялардан түшкөн майда акчаларга сен тоймок белең? Акылбек Жапаров 2005-жылы жазып чыкты эле: Акаев «Центеррадан» 500 миллион доллар алды деп. Көрсө, ал дагы адашыптыр. «Центерранын» сыры эми ачылып, элге чындык жете баштады)» «Үзөңгү-Кууш эч бир тарыхта Кытайдын жери деп аталбаса да, Кытай ал жерди сурабаса да ага берип салдың (акысына эмне алдың аны эч ким билбейт)», «Алган келиниңдин калыңы катары Каркыраны кудаңа бердиң», «15 жыл ичинде өкмөттү 11 жолу таркатып, ар бир түзүмүн жаңы дайындоодо «аукцион» өткөрүп («Мээрим» фондунда) ар бир министрден далай акча чогултуп алып жүрдүң» деп «(дагы далайын кыскарттык-ред.) «жаңы дастанын» айтып, соңунда «Мага да,сага да эл жана мезгил өзү тараза» деп бүтүрүптүр, Д.Сарыгулов өзүнүн каяша жообунда.

Дастан Сарыгуловдун бул айткандары чын болсо,анда Акаевдин абийири дагы бир жолу айрандай төгүлгөнү. Ансыз деле кыйналып турган элдин жаңы жек көрүүсүнүн Акаевге карата пайда болгону. Элдин ошончо миллиардаган долларын «кемирип» кеткен адамды башынан сыламак беле, каргап -шилейт да. Бирок, Сарыгулов да өзү айткандай кыргыз үчүн күйгөн адам болсо ушул айткандарын убагында, мындан 14 жыл мурун неге айтпады экен. Кыргызда мындайды «жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» деп койчу беле?

Булак : Назар
  

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter