12 марта 2013, 08:58

Жалал-Абатта митинг уюштургандар обладминистрацияны басып албайбыз дешүүдө

Жалал-Абатта митинг уюштургандар обладминистрацияны басып албайбыз дешүүдө
Камалган депутаттар – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду жактаган комитет бүгүн, 12-мартта, саат 11-00дө митингин улантат. Бул тууралуу Жалал-Абаттагы комитеттин төрагасы Медер Үсөнов билдирди.

Ал ошондой эле митингчилер обладминистрацияны басып алууга ниети жок экенин белгиледи. Нааразычылык акциясын уюштуруучу бүгүнкү пикеттен кийин митингдер бир канча убакытка токтой турганын билдирди. "Президент кыйкырып, митинг жасап аткандар бийликке басым жасап атат деп айтууда. 14-15-мартта депутаттардын сот иши уланат. Сотко чейин биз митингге чыкпайбыз", - деди Үсөнов.

Ал андан сырткары бүгүн митингге канча адам чыгарын билбей турганын айтты. Себеби "Ата-Журт" партиясы нааразычылык акциясына катышуучуларды ташып келүүнү уюштурган эмес. Үсөнов кечээки, 11-мартта, обладминистрациянын алдында болгон митингге 3-4 миң кишидей чогулганын кошумчалады.

булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter