12 марта 2013, 11:49

Тоо-кен институтунун студенти: "Бизди митингге чыгасыңар деп сабакты токтотуп "Ала-Тоо" аянтына алып келишти

Тоо-кен институтунун студенти: "Бизди митингге чыгасыңар деп сабакты токтотуп "Ала-Тоо" аянтына алып келишти
"Биз сабакта олтурсак эле декан кирип келип сабакты токтотуп "Баарыңар эртең башталчу митингдерге бүгүн антимитингге чыгасыңар, ошон үчүн азыр сабактан бошсуңар, көчөгө чыгып, таза аба жутуп, мээңерди да сергитип да келесиңер", деп бизди эч жака качырбай түз эле "Ала-Тоо" аянтына алып келишти, - деди азыр жүрүп жаткан студенттик антимитингдин катышуучусу, Тоо-кен институтунун студенти Курман аттуу жигит.

"Ала-Тоо" аянтына келсек 300 дөй студент туруптур, кээ бир даярдалган  жаштар окшойт, калп эле кыйкырып, "бизге митингдердин кереги жок" деп оратор болуп жатышат. Алардын ким экенин да тааныбайбыз. Дагы студенттер келишет дешкен. Эмнегедир келишпеди. Азыр тарайт окшойбуз. Биздин Тоо-кен институтунан 50 дей студентти сабактан бошотуп айдап келишти. Менин фамилиямды жазбай эле койгулачы, эртең институттан чыгарабыз деп чычалашып чыкпасын. Оюма койсо келбейт элем. Мен саясатка кызыкпайм...", - деди Тоо-Кен институтунун студенти Курман аттуу жигит.

Аңгыча трибунада кыйкырып жаткандар өздөрү даярдаган митингдин резолюциясын колдоп коюуну сурашып, бир саатка жетпеген убакыттын ичинде митингди таратып жиберишти.

  "Кыргызтудэй"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter