12 марта 2013, 12:29

Митингде куралдын атылышына чейин жеткирбеш керек

Митингде куралдын атылышына чейин жеткирбеш керек
«Кыргызстандын таза оппозициялык кыймылынын» лидери Назарбек Нышанов бүгүн, 12-мартта Акыйкатчы аппаратында уюштурулган тегерек столдо, эртең бобордо өтө турган митингде бийлик тарабынан элге каршы курал колдонула тургандыгы боюнча маалымат түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, азыр эл арасында кооптоонуу пайда болууда. Эртеңки митингде элди таратуу максатында бийлик ар кандай провакацияларды уюштуруп, курал колдонууну пландап жатыптыр. «Эгерде ушундай аракеттер көрүлсө, биз дүйнөлүк коомчулукка чейин чыгабыз. Ошондуктан, бийлик мындай аракетин токтотушун алдын ала эскертебиз», - деди акыйкатчы Т.Акунга кайрылып.

Акыйкатчы билдиргендей, ал буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев менен сүйлөшкөн. Анда М.Турганбаев эгерде эл митингди тынч өткөрбөсө, белгиленген чектен ашып, бийликти басып алууга аракет болсо, же тосмодон секирүү, же кимдир бирөөнү сабоолор болсо, анда курал колдонуларын айткан. «Бирок, мен эскертүү үчүн атылчу же көздөн жаш чыгаруучу куралдардын колдонулушуна каршымын. Анткени бул ыкма кыргыздын менталитетине жатпайт. Эл аларга каршы мылтык аткандай эле көрүп калышат. Негизи, буга чейин жеткирбеш керек», - деди Т.Аукн.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter