12 марта 2013, 12:50

И.Кадырбеков: 120 депутат аз, мындан да көбөйтүш керек

 
И.Кадырбеков: 120 депутат аз, мындан да көбөйтүш керек
Депутататтарды таратуу керек деген бизде эле эмес, көп эле мамлекеттерде айтылууда. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Ишенбей Кадырбеков «Фабула» гезитинин 12-мартта чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошол эле Грецияда, Израилде айтылып жатат. Себеби, саясат ушундай, шайлоодо уткандар, утулгандар болот. Утулгандар жөн жатпайт, алар жогоруда айткандай парламентти таратыш керек деп оппозиция боло беришет. Азыркы баш мыйзамды жазууга өз салымын кошкон адам катары, парламентти таркатууда бир гана күч бар, ал депутаттардын өзүн-өзү таркатуусу. Өздөрүнөн башка парламентти эч ким тарката албайт, ал тургай президенттин дагы таркатууга укугу жок. Бул боюнча президент жакшы айтты. «Парламенттин эки жылдык мөөнөтү калды. Эки жыл чыдагыла» деп. Чыдаш керек, бардыгы мыйзам жолу менен болсо, ошондо өнүгүү болот. Парламентти деле жамандай бериштин кереги жок, анткени биринчи жолу парламенттик башкарууда жашап жатабыз. Албетте, депутаттардын арасында саясатка болгон аң сезими, көз карашы калыптана элек депутаттар жок эмес, аларды дагы түшүнүш керек. Эң негизгиси талаш-тартыштын баары көчөдө болбой, парламенттин ичинде болуп, ачык-айкын элге чагылдырылып жатканы чоң жеңиш болууда.

«Депутататтардын санын кыскартуу деген болбогон сөз. Эмне себептен ушул кезге чейин «легендарлуу парламенттин убагында жакшы мыйзамдар кабыл алынган» деп айтып келишет. Анткени анда депутаттардын саны көп болгон. Ошол себептен жакшы мыйзамдар кабыл алынган. Канчалык депутат көп болсо, талашып-тартышып, жакшы мыйзамдар кабыл алынат. Мен убагында депутаттардын саны 35 болгондо да депутат болгом, 90 депутат болгондо да болдум. Аз болгондуктан, 18 депутат чогула калып эле туура эмес мыйзамдарды кабыл алып койгон учурлар болгон. Андыктан, бүгүнкү күнү 120 депутат аз. Мындан да көбөйтүп, тескерисинче, парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын азайтуу зарыл. Азыр депутаттар парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын көбөйтүп алып эле мамлекетти ашыкча чыгымга учуратып жатат. Былтыр өкмөт 3 миңге жакын кызматкерлерди кыскартабыз деди эле, кыскарганын деле байкаган жокмун. Алар өкмөттөн кеткени менен башка структурага барып эле иштеп алышты», - дейт ал.

Булак : «Фабула»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter