12 марта 2013, 13:00

М.Чолпонбаев жакын санаалаштарына бийликти алаарын, ошондо Бекназаров менен Ниязовго көргүлүктү көрсөтөөрүн айтыптыр

М.Чолпонбаев жакын санаалаштарына бийликти алаарын, ошондо Бекназаров менен Ниязовго көргүлүктү көрсөтөөрүн айтыптыр
- Парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабын койгон митинг эртең борбордук аянтта өтөрү кабарланган. Бул тууралуу «Фабула» гезити 12-мартта чыккан санында маалымдайт.

Акциянын уюштуруучусу Акаев тушундагы парламенттин спикери, «Кыргызстанды сактоо» кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев. Бул кишинин соңку кездеги жүрүштөрү туурасында түрдүү кептер айтылды. Ал турсун, төңкөрүштү жүзөгө ашыруунун негизги локомотови Мукар Шалтакович экен деп эркин гезиттер жазып чыгышты. Бирок, ал мындай сөздөрдү караманча четке кагып келет. Эми Чолпонбаевдин эртеңки митинги боюнча да кызык каңшаар тарады. Аны эшитсек, экс-спикер бийликти басып алуу үчүн «бука моюн, жоон билек» спортчулардан турган жети топту Ак үй, Көк үйдү көздөй агытат имиш. «Ушинтсем эле төңкөрүш жасайм, бийликти ээлеп алам» деп жеңил ойго жетеленген го, кыязы?

Чыңгызханды мисал келтирип, Ак үйдүн кашаасынан ашып түшкөн «ата журтчу» К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдун тагдырын, чамасы, Мукар мырза түшүнбөгөн өңдөнөт. Карыганда небере-чөбөрөлөрүнүн жытын искеп, келининин колунан ысык чай ичкендин ордуна Кыргызстандын тагдыры менен ойноп, мыйзамсыз кадамга барганы үчүн темир тордо отуруп калаарын сезеби десең? Негизи анын бул планын тийиштүү органдар билер бекен? Билсе, алдын алышы керек го? М.Чолпонбаев жакын санаалаштарына бийликти алаарын, мына ошондо А.Бекназаров менен М.Ниязовго көргүлүктү көрсөтөөрүн каңкуулаганын укккандар бизге акырын шыбырап кетишти. Береги эки «эргулга» кекенгенинин себебин өзүнөн башка ит билсинби, дейт гезит.

Булак : «Фабула»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter