12 марта 2013, 13:23

14-мартта Бишкекте жалпы элдик курултай өтөт

14-мартта Бишкекте жалпы элдик курултай өтөт
"Кыргызстандын патриоттук ревоюциялык кыймылы” 14-март күнү Бишкек шаарында жалпы элдик курултай өткөрөт. Бул тууралуу аталган кыймылдын төрагасы Назарбек Нышанов Кyrgyztodayге билдирди.

Анын айтымында курултайга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 2 миңден ашуун өкүлдөр чакырылган.

"Курултайда өкмөттүн аткарып жаткан иштерин көзөмөлдөп туруу үчүн 150 адамдан турган элдик көзөмөл комитети түзүлөт. Ошондой эле кен байлыктарды элдин энчисине өткөрүү маселеси каралат. Биздин негизги максатыбыз капитализмдин туткунунан бошонуп социализмге өтүү. Социализм болмоюн Кыргызстан өнүгө албайт”, - дейт Н.Нышанов.

Кыймылдын төрагасы белгилегендей курултайды Спорт ордосунда өткөрүү пландалган, бирок азырынча бул маселе чечиле элек.

"Курултайды өткөрүү үчүн Спорт ордосун сурап тиешелүү жерлерге кайрылганбыз. Бирок азырынча жооп боло элек. Эгер ал жерди бербесе Ала-Тоо аянтында өткөрөбүз”, - деди Н.Нышанов

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter