12 марта 2013, 13:35

И.Кадырбеков: Мен Бакиевдердин безине тийип алгам


И.Кадырбеков: Мен Бакиевдердин безине тийип алгам
Мен Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеп турганда коррупцияга аралашкан деген кептин баары ушак. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Ишенбей Кадырбеков «Фабула» гезитинин 12-мартта чыккан санына берген маегинде билдирген.

«Менин Бакиевдердин безине тийип алгандыгымдын себеби, биринчиден, президенттик шайлоого ат салышайын деген оюм бар болчу. Экинчиден, агенттикти жетектеп, көптөгөн мыйзамсыз иштерге жол бербей, мамлекет башында турган айрым чиновниктердин жерлерди басып алып, шаар ичине мыйзамсыз кабат-кабат үйлөрдү курууга каршы чыккам. Алар мага каршы кол топтоп, аны «Ак Жолдун» алтымыш депутаты колдогон», - дейт ал.

Анын айтымында, ошол 60 депутаттын ичинде жер менен бизнес кылгандары дагы бар болчу. Андан тышкары Д.Үсөнов мэр болуп, ал шаарды өз билгениндей пайдаланууга аракет кылган. Ага каршы чыгып, «жерге сен ээсиң, ал эми шаар ичинде үйлөрдүн курулушуна мамлекет ээ» деп баш берген эмес. Кийин Н.Түлеев дагы анын жолун улаган. Ошондой эле М.Садыркулов жакын тууганын «кызматка ал», дегенде дагы аны албай койгон. Ошол кездеги Чүйдүн губернатору болгон бир саясатчы көл жээгиндеги кылымдардан бери каз-өрдөктөр конуп келе жаткан жерден «10 гектар жер бер, пансионат курам», дегенде ага дагы берген эмес. Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев жерлерди оңго, солго таратып, сатып жатканда аны дагы колго чаап, кыскасы ошонун баары кошулуп, Бакиевдер түрмөгө камашкан.

Булак : «Фабула»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter