12 марта 2013, 14:35

Ажонун уйкусун бузган үч адам кимдер?

Ажонун уйкусун бузган үч адам кимдер?
Март менен апрель бийлик төбөлдөрү үчүн абдан кооптуу болуп саналат. Анткени жаздын алгачкы ушул айларында эки президент күтүүсүз тактыдан кулап, тарыхта калган. Быйылкы көктөм дагы тынч эмес. Өлкөнүн ар кайсы дубанынан элдин нааразычылыгы жаңырып, жогорку жактагылардын үшүн алууда.

Өткөн жуманын аягында Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы жашыруун жыйын өткөрүп, азыркы оор абалдан чыгуунун айласын издептир. Анда коалициянын төрагасы Феликс Кулов ажонун обонуна салып, митингге чыккандарга өзгөчө чаралар көрүлө тургандыгын кыйытыптыр. Кыязы темир генерал бийликти алам деп "фронту” менен борбордук аянтта бир айдан ашуун жаткан кезин унутуп калган окшойт.

Ал эми КСДПнын башчысы Чыныбай Турсунбеков революциянын "атасы” Азимбек Бекназаровду эл душманы катары баалап төңкөрүш жасоо үчүн чагымчылдык менен алектенип жүргөнүн айтыптыр. Андан сырткары бийликке коркунуч жаратып жатат деп Мукар Чолпонбаев менен Мирослав Ниязовдун дагы аты аталыптыр.

Ажонун аткошчусу Чыныбай Турсунбеков айтып жаткандан кийин Атамбаевдин уйкусун бузган жогорудагы үч адам экени белгилүү да. Бирок, бул үчөөнөн сырткары дагы бугу ичине батпай, нааразычылыгы күчөп турган миңдеген адамдар бар экенин унутпашыбыз керек. "Митингге чыксаңар көргүлүктү көрөсүңөр” деп элди коркуткан менен маселе чечилбесине буга чейин эки жолу күбө болгонбуз

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter