12 марта 2013, 14:40

Президент А.Атамбаев: Элдин турмушу дагы деле оор, жыргап кетти деп айта албайм

Президент А.Атамбаев: Элдин турмушу дагы деле оор, жыргап кетти деп айта албайм
Элибиздин турмушу дагы эле оор, жыргап кетти деп айтсам болбойт. Бирок байлыкка ээ болуш аз, ошол байлыкты ишетүү керек, деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 11-мартта Коомдук биринчи каналга берген маегинде.

Анын айтымында, үч жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы кандай болгону белгилүү, ага болбой эле революция да болду, 10-жылы июнда кан да төгүлүп кетти. Бир топ чыгашалар болду. «Дүйнөдө да көрүп атасыңар, кризис болуп жатат. Керек болсо өнүккөн мамлекеттер кыйналып жатат пенсияларын кыскартып, маянасын кыскартып. Кыргызстанда эмне болду, үч жылдын ичинде Мамлекеттик статистикалык комитеттин эле маалыматтарын алсак, мурда орточо пенсиянын көлөмү 2131 сом экен, азыр 4070 сом болуптур. Орточо пенсия дээрлик эки эсе өскөн», - деди президент.

Ал белгилегендей, эгерде маянаны алсак, үч жыл мурун 6161 сом болсо, азыр орточо маяна 10566 сом. Бу да дээрлик эки эсеге жакын өскөн. Ошол эле мамлекеттик бюджеттин кирешеси эгерде үч жыл мурда 55 млрд болсо, өткөн жылдын жыйнытыгы боюнча 87 млрд сом болду. Бир жарым эседен көбүрөөк өскөн. «Билесиңер, өткөн жылы Кумтөр иштебей турган, ошон үчүн анча өспөй калды. Ошол эле биздин ички дүң продуктыны алсак, ал деле ушул үч жылдын ичинде кандай кыйынчылык болсо дагы 1,5 эсе өскөн. Мына, эчтекеге карабастан дагы бир көрсөткүч бар да, сом менен долларды карасаңар, анча өзгөрүш жок деп айтсак болот», - деп айтты А.Атамбаев.

Ал кошумчалагандай, ошол эле Белоруссияда президенттик шайлоодон кийин өздөрүнүн валютасы эки эсе түшүп кеткен. «Бизде революция болуп атат, чыр-чатак болуп атат. Кан төгүлсө да андай болгон эмес, болбой эле Кыргызстан көтөрүлүп баратат. Бирок сөздүн башында айтылгандай, ушунча байлыкка ээ болуп туруп, мындай кедей жашоо болбойт, байлыкты иштетиш керек», - дейт президент.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter