12 марта 2013, 15:02

Атамбаев: Айрымдар азыркы бийликти кетирип Жерүй кенин 300 сомго алып калгылары келишет

 Атамбаев: Айрымдар азыркы бийликти кетирип Жерүй кенин 300 сомго алып калгылары келишет
Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 11- март күнү УТРКга берген маегинде айтты.  

Айтымында, аны өкмөт кенди аукцион аркылуу алгачкы баасын 300 миллион долларга баалганы кейитет.   

"Мындай баада бир дагы инвестор келбейт. Азыр эмне үчүн Жерүйдү 300 сомго саткандар унчугушпайт, анткени алар азыркы бийликти кетирип ошол 300 сомго кенди алып калгылары келишет . Бул долбоор 2010- жылы кимдин колунда эле? Ал жерде бир эле Максим Бакиев же казак инвесторлору эмес ошол эле таластык жигиттер бар болчу”- деди Атамбаев.

Мындан сырткары, президенттин айтымында  2008- 2010- жылдары Жерүй маселеси каралып жатканда парламентте СДПК паритясынын микрафондорун өчүрүп коюшкан. "Ошол мезгилде Садыр Жапаров антикоррупциялык агенттиктин жетекчиси болуп туруп унчуккан эмес”- деп кошумчалады президент.

Эске сала кетсек, Жерүй кени Талас облусунда жайгашкан. Аны аукциондо баштапкы баасы 300 миллион долларга деп бааланууда . Буга чейин 100 миллион доллар болооору айтылып келген. Аукциондун өткөрө турган убактысы тактала элек.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter