12 марта 2013, 15:18

Президентти кетириш керек деп бакылдап акча таратканча, шайлоого даярданбайбы, - А.Атамбаев

Президентти кетириш керек деп бакылдап акча таратканча, шайлоого даярданбайбы, - А.Атамбаев
Жалаң эле ГЭСтерди эмес, «Жерүйдү» деле экинчи Кумтөр кылат деп атат. Ушул ГЭСтердин келишимдерин алсак, 49 жылдан кийин жокко чыгарылсын деген талаптар коюлуп атпайбы, аны келишимди окубагандар айтат, деди президент Алмазбек Атамбаев 11-мартта КТРКга берген маегинде.

Ал билдиргендей, келишимде жазылып турат, 10-15 жылдан кийин, бир тарап деле, керек болсо Кыргызстан өзү келишимди жокко чыгарып коет, мындан ары эми өзү иштетип, өзүм колго алам десе. Ошол эле «Жерүйдүн» баштапкы баасы 300 миллион доллар болсун дептир. Аны дагы тилекке каршы өкмөт макул болуп, ушундай баа менен аукционго чыгарылсын дейт. 300 миллион доллар баштапкы баасы болсо, бир дагы инвестор келбейт.

«Эмнеге мындай кылынат? Эмнеге ошол «Жерүй» 300 сомго кеткенде тымпыйып отургандар азыр бакырып өкүрүп атат, анткени ойлору башкада. Бул бийлик кетет, бир шылтоо менен кетиребиз анан кайрадан бул «Жерүй» бизге калат 300 миллион доллар эмес, ошол эле 300 сомго кайра биздин колубузда калат деп жүрөт. Анткени, 2010-жылга чейин кен кимдин колунда болчу? Бул проектте жалаң эле Максим Бакиев же казак инвестор эмес, ошол эле таластык жигиттер бар. Таластагылар жакшынакай билет ким бар экенин. Кыйкырып жаткан карапайым элдин көпчүлүгү алданып жатат. Бирок уюштуруучулар башка да! Акча чыгарып жаткан, мал союп аткан, «Жерүйдү» иштетпейбиз дегендер башкалар. 300 сомго алып, ээ болуп тургандар ушунун баарынын аркасында турат», - дейт президент.

Анын айтуусунда, күнөөсүз отурат деген Садыр Жапаров башка иш боюнча отурат. Бирок ошол «Жерүй», «Кумтөр» деп элди дүрбөтүп жатат. Чындыгында «Жерүйдү» парламентте 2009, 2008-жылдары, 2010-жылы көтөрүп жатканда микрофондорун өчүрүп койчу. СДПК партиясынын микрофондорун парламенттен өчүрүп, депутаттар Таласка же Көлгө барса ар кайсы сөздөрдү сүйлөшчү. Ошол убакта С.Жапаров коррупцияга каршы күрөшүү агентствосунун жетекчиси болчу. «Эмнеге ошондо тымпыйып отурат, а азыр «Жыргалаң», мародерлук, тиги-бу иш чыкканда калп эле «Кумтөргө», «Жерүйгө» жамынып коет. Мына, шаршемби күнү Мукар Чолпонбаев «15000 киши чыгарам, тиги-бу...» деген билдирүү таратып, элди дүрбөлөңгө салып, коркутуп атат. Эми Мукар Чолпонбаевди биз жакшы билебиз го. Убагында чогуу партиялаш да болгонбуз. Ал 1995-жылы спикер болгон Акаевдин кезинде. Эми бийликтен таза кетпеген адамдар, азыр «Кыргызстан үчүн өлөм» дегендерине ким ишенет? Мисалы мен ишене албайм», - деди президент.

Мамлекет башчынын айтымында, карапайым элдин арасында ишенгени да бар. Анткени, бийликке ишенич кеткен акыркы 20-жылдын ичинде. «Бирок, мен элиме айтар элем: «айланайындар, карап көргүлөчү, убагында колунда турганда, бийликте турганда, Жапарову да, Исабекову да, башкасы дагы! Кудайдан коркуш керек да. Баардыгын Кудайга койдум, бирок, кыңыр иш кырк жылда эмес, андан мурун эле чыгат. Ар бир маселе боюнча маалыматтар чыгат. Чыккандын баарын элге алып чыгабыз. Негизи алданбаш керек. Бийликке барам, бийлик алам дегендер, шайлоого даярдангыла», - деп билдирди Атамбаев.

Ал белгилегендей, азыр дагы бир митинг даярдалып жатат. 15нен кийин генерал Мирослав Ниязов уюштуруп, парламент тарасын деп чыгып жатат. «Өзү ушул парламент шайланып жатканда бир партиянын тизмесинде биринчи болчу. Азыр парламентте болсо тымпыйып отурмак. Парламентке өтпөй калды, эми парламентти таратыш керек деп жатат. Мейли, бул парламентти тараталы, жаңы шайлоо болсун. Ал жакка өтпөгөндөр чыгат да, эмкисин тараталык деп. Ошондуктан мен ойлоп турам «Сабырдын түбү сары алтын». Парламентти таркатыштан мурда, эмки шайлоону өткөрүштөн мурда даярданыш керек», - дейт ал.

Эми шайлоону колдон келишинче таза өткөрүш керек. Керек болсо видеокамера колдонуу же биометрикалык маалыматтарды колдонуу болобу таза өткөрүүнүн ыкмаларын пайдалануу зарыл. Монголияда башбармагын компьютери басып туруп, ошол отпечаткасын карамайынча добуш бере албайт экен. «Таптаза өткөрбөсөк болбойт да. Эл дагы кичине жоопкерчиликти моюнга алыш керек. Парламентти шайлап жатсаң, 5 жылга шайлап атасың. Беш бармакка алданбай, аракка алданбай, ойлонуп туруп добуш бер. Ошол эле азыркы парламентти таратабыз, же президентти кетириш керек деп бакылдап акчаны таратканча, шайлоого даярданбайбы. Парламенттик шайлоого болгону эки эле жыл калды, президенттик шайлоо деле 4 жылдан кийин болот. Ошол шайлоолорго даярданбайбы, дейт мамлекет башчы.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter