12 марта 2013, 15:25

Жол “тудэй» - Митингге каршы: жолдор бекилет, “ак кепкачандар”, ОБОНчулар, антимитингчилер пайда болот, КТРК элдин кыжырына тийе баштайт..

Жол “тудэй» - Митингге каршы: жолдор бекилет, “ак кепкачандар”, ОБОНчулар, антимитингчилер пайда болот, КТРК элдин кыжырына тийе баштайт..«Окшошот эле окшошот, бирок айтууга болбойт»-деген кеп бар. Бийлик 13-мартта боло турган митингди болтурбоо үчүн жанталашып, бул жагынан Акаев менен Бакиевден да ашып кетти. Бүгүндөн баштап студенттерди зордоп антимитингге алып чыга баштаса, эртеңден баштап, борбордук көчөлөр, Австриянын президенти келет деген шылтоо менен бекитилет. Мындан тышкары Акаевдин "ак кепкачандарын” кайра калыбына келтирип, шаардык милициянын алдына "дружинниктерди” күчтөндүрүп, ал эми Акаев,Бакиевдей болуп Кулмурзаев топтогон спортсмендер, ОБОНчулар жакын жерлерде бугуп жатышат. Мейли жолду эки күн бекитсин, ал эми элдин жүрөгүндөгү нааразылыкты канча күн беките алар экен? Митинг болор алдында актанып Атамбаев "менчик” телеси аркылуу башты айланта баштады эле, Оторбаевдин "дүжүр чалдары” Акаев,Бакиевдин бийлигиндей "ОТРКдан” оппозицияны "боктоп” оттой баштады. Чын эле окшошуп баратат.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter