13 марта 2013, 07:14

«Smanov Alko» шарап комбинатынын ээси Таалайбек Сманов абакта

«Smanov Alko» шарап комбинатынын ээси Таалайбек Сманов абакта
УКМК кызматкерлери тарабынан «Smanov Alko» шарап комбинатынын ээси Таалайбек Сманов кармалды. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында.

Белгилүү болгондой, ал 11- март күнү кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда өткөн аптада аталган комбинанттын кампасынан белгисиз каробкалар табылган. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери каробканын ичинде эмне бар экенин аныктагыча түнү аны алып чыгып кетишкен. Андан сон Сманов дайынсыз болуп кеткен.

Бүгүн, 13 март күнү Биринчи Май райсоту анын баш коргоо чарасын карайт.  

Кошумчалай кетсек, буга чейин 20-21- февралда салык кызматынын кызматкерлери рейд учурунда аларга кол салуу болгон. Маалым болгондой, «Smanov Alkoнун»  кампасынан лицензиясы жок алкоголдук ичимдиктери табылган. Салык кодекси боюнча протоколдор түзүлүп, күбөлөргө көрсөтүлүп, акт түзүлгөн соң кампанын эшигине мөөр басылып бекитилген. Ал эми түнкү саат 2лерде белгисиз адамдар ал жерде турган инспекторлорго кол салышып,  андан соң кампанын эшигин бузуп кирип үч даана каробканы «Мерседес 124»  үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен.
 

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter