13 марта 2013, 07:23

Өкмөт башчысы айткан сөзүнө турабы, же?

Өкмөт башчысы айткан сөзүнө турабы, же?
Парламенттин өткөн жыйынында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев облус-райондорду бириктирүү идеясына каршы чыгып, азыркы шартта облус эмес, эки айылды бириктирүү мүмкүн эместигин белгилеген болчу. Ошондой эле облус губернаторунун мурунку аталышын кайтарып берээрин билдирген. 
Өкмөт башчынын мындай пикиринен кийин, көп өтпөй эле "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда "КР Өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, фракция лидери Өмүрбек Текебаев: "Айрым облустар, райондор бириктирилип, алардын саны кыскартылышы керек. Эгерде биз губернаторлук институтуна кайта турган болсок, биз артка кайткан болобуз. Мындай кылбаш керек" деген пикирин ортого салды. Бирок кайсы облус-райондорду жоюлуш керектигин ачык айткан жок. 
Бул сөзү менен Текебаев Кыргызстандагы саясат менин көрсөткөн багытым менен жүрүш керек дегенди дагы бир жолу кыйытты. Эми баш бакан кандай чечим кабыл алат, кызык болуп турат. Айткан сөзүнө турабы, же Текебаевдин жетеги менен кетеби? (N.J)

Булак: "Фабула”. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter