13 марта 2013, 07:42

Ч.Айтматов атындагы төш белги абройлуу сыйлыктардын катарын толуктайт

 
Ч.Айтматов атындагы төш белги абройлуу сыйлыктардын катарын толуктайт
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 12-мартта өткөн жыйынында «Чыңгыз Айтматов атындагы төш белгини белгилөө тууралуу» мыйзам долбоорун карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда аталган мыйзам долбоору Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлүп, алардын чыгарган чечимине ылайык, Жогорку Кеңештин кароосуна жибериле турган болду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Эгемберди Эрматовдун айтымында,КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы 2012-жылдын 22-ноябрында Чыңгыз Айтматов атындагы атайын сыйлыкты белгилөө тууралуу чечим кабыл алган. Андай сыйлыкка татыктуу болгондорго жазуучунун туулган күнүндө Айтматов атындагы медаль менен анын күбөлүгү, ошондой эле 30 миң долларга барабар акчалай сыйлык ыйгарыла тургандыгы белгиленген. Медалды даярдоого каражат өлкө казынасынан караштырылыш керек эле.

Антип кол куушуруп олтурууга негиз жоктугун айткан депутат Урмат Аманбаева керектүү каражатты президент, төрага, премьер-министрдин фондуларынан алса боло тургандыгын билдирди.

«Чыңгыз Айтматов атындагы төш белгини белгилөө тууралуу» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш депутаттары Э.Эрматов, К.Иманалиев жана К.Самаков тарабынан иштелип чыккан.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter