13 марта 2013, 07:47

Өзүнө өрт койгон аялдын уулуна чыккан өкүм жокко чыгарылды

Өзүнө өрт койгон аялдын уулуна чыккан өкүм жокко чыгарылды
Жогорку сот Нарын облустук сотунун Фархад Орозакун уулун 13 жылга кескен өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайрадан териштирүү үчүн Нарын шаардык сотуна жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз  кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин облустук сот Фархад Орозакун уулун бирөөнү сабады деген айып менен 13 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми буга чейин Нарын шаардык соту Фархат Орозакун уулун (атайылап ден- соолугуна зыян келтирген)104- берене, (турак жай кол тийбеситигин бузуу) 137- беренелери менен анын тиешеси жоктугун аныктап,  актаган чечим чыгарган болчу.  Бирок, облустук сот ал чечимди жокко чыгарып, 13 жылга  үй- мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратылган чечим чыгарган. Мындан сырткары, жабырлануучуга 100 миң сом компенсация төлөп берүү талабы да канааттандырылган.  

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 31- январында, адилеттүүлүк издеген 51 жаштагы Фархаттын апасы Жыпаркан Өмүрова өзүнө өзү өрт койгон.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter