13 марта 2013, 09:21

Санжар Бакиев 20-мартта абактан чыгат

Санжар Бакиев 20-мартта абактан чыгат
Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы Санжар Бакиев абактан чыга турган убакытты расмий жарыялады. Анда маалым болгондой, Санжар үстүбүздөгү жылдын 20-мартында эркиндикке чыгат. 

Эске сала кетсек, Санжар Бакиев 2010-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен күчөтүлгөн режимде 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2011-жылдын 1-февралында Чүй облсоту Жалал-Абад облсоту чыгарган өкүмдү 50 миң сом айып пул төлөө менен чечимине өзгөрткөн.

Бирок, Жогорку соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Чүй жана Жалал-Абад облсоту чыгарган чечимдер дагы өзгөрүп, 5 жылга эркинен ажыратылып, 75 миң сом айып пул салынган.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесине ылайык, тергөө учурунда отурган 7 ай алты күндүн ар күнү эки күнгө барабар деп эсептелип алынган. Ал эми жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 25-июнунан башталган.

Мындан сырткары, Кылмыш-жаза кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, "Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата ”, Санжар Бакиевдин абактагы мөөнөтүнүн 1 жыл 7 ай 29 күнү кыскарган. 

Буга чейин Санжар Бакиев 2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абаддагы массалык башаламандыкты уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталып келген. Ал эми Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу учурунда каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча акталган.

Санжар Бакиев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулуф

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter