13 марта 2013, 09:25

Ким элди көп чогултат? М.Чолпонбаевби, же М.Ниязовбу?

Ким элди көп чогултат? М.Чолпонбаевби, же М.Ниязовбу?
«Мекен инфо» гезитинин 13-мартта чыккан санында жазылгандай, жаз келээри менен элди ким арбын чогултат деген «мелдештер» кеңири кучагын жайды.

Бүгүн «Кыргызстанды сактоо» деген кыймылдын көзүрү Мукар Шалтакович өзүнүн айбатын көрсөткөнгө киришет. Баарынан кызыгы 5 миң кишиден бирөө ашса ал жоопкерчиликтен баш тарткандыгына шахматтык жүрүштөрүнүн эсеби боюнча 13-мартта элдин саны көп болот деген ишеним бар. Ал тургай 30 миң нуска менен гезитин да таратып жиберүүгө үлгүрдү. «Анын окусаң тимеле моокумуң канат чиркин! Жазмакерлерге суктанып да кетесиң. Орусчасын да, кыргызчасын да оңколотушат экен», - деп жазат гезит.

Анда белгиленгендей, ал орто түрмөдө отурган үч депутат К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовду коргоо комитеттери эч кандай митингке кошулбай тургандыктарын билдиришти. Эми бул билдирүүнүн төркүнү каякта экенин ой жүгүртүп, аңдап алууга болот. Себеби, ушул тапта жаңыча ойлонгондор көбөйүп кетти. Генерал Мирослав Ниязов болсо эки күндөн кийинки «чабуулуна» катуу даярданган кези. «Анткени, анын кандай тактика менен келерине кызыккандар толтура. Эгерде ал жыдып калса деле көрүшкө тойбогондор турмуштун даамын жоготорун эсинен чыгарбаса. Атаганат, далай алтын сөлкөбайлар желге учуп кетүүдө, ушундай ыргакта жер айдасак, элди баксак кана», - деп кошумчаланат гезитте.

Булак : "Мекен инфо"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter