13 марта 2013, 09:30

Баатыр энелерди фашистке теңеген Карамушкинаны кетирүүгө 10 миңдей кол топтолду

Баатыр энелерди фашистке теңеген Карамушкинаны кетирүүгө 10 миңдей кол топтолду
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина кыргызга эзелки өчү бардай тантыраган билдирүүлөрдү дайыма айтып келет. Ак калпагыбызды "мончого кийгенге гана жарайт”,- сыяктуу мүнөздөсө, кечээ акыйкаттык үчүн Жалал-Абадда митингге чыккан Баатыр энелерди ачык эле "фашистке” теңеп салды.

Карамушкинанын бул билдирүүсү кыргыз элинин ар-намысын тебелегенин ушундан көр, почтабыз нааразы окурмандардын каттарына толуп кетти. Ал каттардын бирөөсүнөн эле үзүндү келтирели: "Буга чейин эне тилибизге асылып келген Карамушкина эми кыргыздын Баатыр энелерине асылып, аларды Фашистке теңеп жатат. Бул кечиримсиз окуя. Ошондуктан, депутат Карамушкина кыргыз элинен кечирим сурап, мандатын тез арада тапшырсын. Анын бул кылыгына Жогорку Кеңештеги балык депутаттар эле чыдабаса, биз чыдай албайбыз”.

Биздин маалымат боюнча, ушу тапта Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас аймактарында Карамушкинаны мандаттан ажыратуу багытында кол топтоо жүрүп жатыптыр. Жалпысынан алганда 10 миңдей адамдын колу топтолгонун уюштуруучулар маалымдашты. Эң кызыгы, Ирина айым безилдеп чыкканда, биздин бийлик сөрөйүң, депутаттар унчукпай карап олтурушту, ооздоруна талкан сугунуп алышкансып. Болбосо, бийликти сындаган адамдын баарын "улутчул”, "экстремист” атап ийишчү. Бул ирет бийликти катуу сындап чыксаң, же болбосо "түндүктүктөр да бийликке нааразы”,- деп койсоң эле эскертүү жасачу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы да унчуккан жок. А чынында Карамушкина улуттар аралык мамилеге чок салып жатпайбы. Аяр кармап турган биримдикке доо кетирүүдө. Же КСДПнын депутаты болгондон кийин каалаганын айта береби? Буга окшогон чагымчыл саясатчылардын алдын албасак, арты жаман аякташы мүмкүн. Демек, бийликтен кандай чара көрүлөрүн күтөбүз. Кылыгына өкүнүп жүрсө, Карамушкина элден кечирим сураса эле иш чечилмек. А ошол кол койгон миңдеген адамдар парламентке агылып келсе эмне болот? Сөзсүз эле ошол жол менен сөзгө келтириш керекпи, ия?(М.Э)

Булак: "Майдан.kg”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter