13 марта 2013, 09:42

М.Акаева: Мен кай жерден кайсы мамлекеттик ишти буруп, же багытын өзгөртүп элге жамандык алып келиптирмин?

М.Акаева: Мен кай жерден кайсы мамлекеттик ишти буруп, же багытын өзгөртүп элге жамандык алып келиптирмин?
Эзелтеден элибиз эмнени жаман көргөн? Эки сүйлөп, ушак айткандарды, деп билдирди Майрам Акаева «Кереге» гезитине берген маегинде.

Анын айтымында, тилекке каршы, азыркы мезгилде ушак-айың, көрө албастык, кара өзгөйлүк деген жагымсыз касиеттер эмнегедир күчөп бараткандай сезилет. Этика, өзгөчө элибизге таандык этикет деген жоголуп бара жаткан жокпу деген суроо туулат. Кара өзгөйлөрдүн Аскар Акаевичти, мени жамандагандардын негизги базасы ушактар жана интригалар, мифтер менен легендалар болбодубу... Бул жаман адамдык сапаттар биздин элге өтө жагымсыз көрүнүштөр. Өзгөчө бир илдет десем жаңылышпайм. Элибизде ушакчынын орду дайым босогодо болуп келген.

Аскар Акаевич дээринен айкөл адам. Аны мактабай эле болгон иштерин бурмалап кара боек менен шыбабаганда өлкөбүз мындай кайгылуу деңгээлде болмок эмес. Биринчи он беш жылдагы эл менен президенттин жасаган иштерин бурмалашты, баарын жамандап отуруп, өлкөнү чөктүрүп жиберишти. Аскар Акаевичтин бир эл жасаган ишиндей иш жасай алыштыбы кийинки кан менен келген, кан төгүп кеткен жалган жетекчилер деген суроону коет элем.

Он беш жыл мени көрө албагандардын жасабагандары калган жок. Аларга менин, Кыргызстандын балдары деп соккон жүрөгүмдүн күчү октой эле тийип жатты окшойт. Бардык жасаган жакшылыктарды саясатка багыттап, такап жана тиркеп коюшту. Президентке каралоону күчөтүш үчүн «үй-бүлөлүк башкаруу» дегенди ойлоп чыгышты. Ошолордун бирөөсү айтсынчы, мен кай жерден кайсы мамлекеттик ишти буруп, же багытын өзгөртүп элге жамандык алып келиптирмин? Алар мени айыптаганда бир да аргумент келтире алышпайт, кичине объективдүүлүк да керек го. Мен жасаган конкреттүү жакшы иштин бирин да ооздоруна 

алышпайт. Эгер алар мага ачык-айкын «Мамлекеттин бул ишин мындай жаман жасагансыз, ал эми кайрымдуулук боюнча иштериңиз белгилүү», десе алардын айтканы жүйөлүү болор эле. Жок, ага дараметтери жетпейт, себеби, алардын айыптарынын негизи жок, болгону ушак, интригалар..., деди М.Акаева.
Булак : Кереге
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter