13 марта 2013, 10:11

Митинг жыттанган учур келе жатат...

Митинг жыттанган учур келе жатат...
Мирослав Ниязов башында турган топтор парламентти таркатуу талабы менен, Мукар Чолпонбаев башында турган "Кыргызстанды сактоо" кыймылы Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, саясий куугунтукту токтотуу талабы менен, Ташиев, Жапаров, Мамытовдордун жактоочулары камалган депутаттарды бошотуу талабы менен марттын орто ченинде нааразылык акциясына чыгышаарын айтып келишет. 
Мындан улам, президент Алмазбек Атамбаев: "Баары өз мөөнөтүндө жүрүүгө тийиш. Шайлоого даярдык көрүш керек. Жакшысы эки жылга чыдайбыз", - деп, жаз айларынын башында ар кандай талаптар менен, парламентти таркатуу талабы менен нааразылык акциясына чыгууну болжоп жаткан саясий топторго багыттады.
Мирослав Ниязовдун тобу 11-мартта "Ак кеме" мейманканасында "Парламенттик система Кыргызстанга керекпи" деген темада конференция уюштурмай болууда. Муну менен алар бийликти кетиребиз дегендерге каршы экендиктерин билдирип, бийликти саясий маданияттуу жол менен бийликти алмаштырууга барышыбыз керек дешүүдө. 
Ал эми дагы бир оппозиционер катары аты атала баштаган Өмүрбек Бабанов өзүнүн НТС каналына берген интервьюсунда, төңкөрүшкө каршы экенин, бирок Өкмөттү, парламентти таркатуу талаптары менен нааразылык акцияларына каршы эместигин билдирген. Муну менен Бабанов президентке каршылыгы жоктугун, мамилеси жакшы экенин билдирген менен түпкүлүгүндө анын саясатына макул эместигин кыйытты. 

Булак: "Фабула”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter