13 марта 2013, 10:16

М.Чолпонбаев митингдин талаптарын айтып берди

М.Чолпонбаев митингдин талаптарын айтып берди
 Биздин талаптар 16-февралда эле айтылган, ал 7 пункттан турат, деп билдирди бүгүнкү митингдин уюштуруучусу Мукар Чолпонбаев.

Анын айтымында, негизги талаптардын бири - Кумтөр маселеси боюнча жана кен байлыктар чыга турган жерлерди чет элдиктерге бербөө.

Ошондой эле Кытай экспанциясын токтотуу. Жер трансформациялоого болгон мораторийди токтотуу. 1993-жылкы Конституцияны кайра калыбына келтирүү.

Анын айтымында, чек ара боюнча да көйгөйлөр бар. «Акаев убагында Кыргызстандын бир нече жерлери, мисалы Үзөңгү-Кууш, Кытайга өтүп кеткен. 2010-жылкы Текебаевдин Конституциясы ошол жерлерди мыйзамдаштырууга шарт түзөт. Эгерде 93-жылкы Конституцияны калыбына келтирсек, ал жерге байланышкан маселелер талаш болот. Балким, 10 же 20 жылдан кийин ал көйгөйлөр кайра каралышы мүмкүн», - дейт Чолпонбаев.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter