13 марта 2013, 10:31

15 миңден 30 миңге чейин кыргыз жарандары башка динге өтүп кеткен

15 миңден 30 миңге чейин кыргыз жарандары башка динге өтүп кеткен
"15-миңден 30 миңге чейин кыргыздар башка диндерге өтүп кетишкен. Бирок, алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн деген божомол бар". Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын коомдук байкоочу кеңешинин төрайымы Назира Курбанова "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ата-энелери башка динге өтүп кеткендиктен анын балдары жана туугандары да өтүп атканын айтты.

Ал ошондой эле, учурда диний уюмдарды каттоого алуу шарттары катаалданганын билдирди. "2008-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча диний уюмдарды каттоого алуу шарттары катуулаган. Эгер диний уюм катары катталууну каалагандар жергиликтүү органдардан наториалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кагаз алып келиши керек. Ошентсе да бул багытта көйгөйлөр бар. Мисалы, бир диний уюм аймакта катталууну кааласа, ал жакта диний багыт боюнча билими жок кишилер көп болууда. Алар да түшүнүп-түшүнбөй туруп уруксат да берип коюшу мүмкүн", - дейт ал.

Ушундан улам коомдук байкоочу кеңешке ушул маселе боюнча да кайрылгандар көп болуп атканын кошумчалады.

булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter