13 марта 2013, 10:36

М.Акаева: Буюрса, өз жерибизге келебиз

М.Акаева: Буюрса, өз жерибизге келебиз
Ата Мекенибиз, өз эл, өз жерибизге келгибиз келет, келебиз буюрса, деп билдирди Майрам Акаева «Кереге» гезитинин 13-мартта чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, апасы быйыл 95ке чыгат. Баарынан да апасы алардын келишин эңсейт. «Тумоолоп калса, биз ал кишиге «сизге тумоологонго, же бир жакка кетүүгө уруксат жок, чыдаңыз бизди күтүңүз», деп телефон чалсак кайраттанып калат экен. Баса, Айкөл кайненем бир жолу мага «сабаттуусуң го, жаман айтпай жакшы жок дейт, менин көзүм өтүп кетсе кызым жок, өзүң кошокту эптээрсиң», деп калганда, «лекциядан колум бошобойт да, тийбейт, ошол себептен сизге бир жакка кетүүгө уруксат жок», деп тамаша-чыны айтканым апабызга абдан жаккан. Бирдеме болсо эле «Майрам уруксат бербей жатпайбы» деп калчу. Ошентип, мен уруксат бербей жүрүп апабыз бир кылымга тете өмүр сүрдү», - деди М.Акаева.

Анын айтымында, ал эми элге келип калышса болгон күчүн азыркыдай ЖОЖдо лекция окуганга жумшаса болор.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter