13 марта 2013, 12:50

Кыргыз кызын зордуктап, андан соң бензин чачып өрттөп кеткен кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылды

Кыргыз кызын зордуктап, андан соң бензин чачып өрттөп кеткен кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылды
Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын жашоочусу, 1983-жылы туулган Мээрим Ибраеваны 2010-жылдын 11-февраль күнү зордуктап, ур-токмокко алып, андан соң бензин чачып өрттөп кеткен кылмышкерлер - 1988-жылы Өзбекстан Республикасында туулган Махмуд Нуржанов жана 1986-жылы туулган Сокулук районунун Манас айылынын тургуну, түрк улутундагы Риза Арипов өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 63 жолку сот отурумунан кийин, 2013-жылдын 12-мартында Сокулук райондук соту чыгарды.

Ушунча убакыттан бери чечилбей келген соттук маселелерден чарчаган Ибраева Мээримдин апасы Калбүбү Ибраева Кыргызстан жаштар  кеңешине кайрылган. Кайрылган күндөн тартып Кыргызстан жаштар кеңеши көзөмөлгө алып, соттук отурумдарга байкоо салып, соттордун туура чечим чыгаруусун талап кылып келишкен. Аталган кеңештин теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов Кыргызстандын жарандарынын укугун жана намысын коргоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын, ошондой эле дагы да болсо бул сыяктуу маселелерге көзөмөл кылууга даяр экендиктерин билдирди.

Ал эми маркум Ибраева Мээримдин апасы Ибраева Калбүбү Кыргызстан жаштар кеңешинин жалпы өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгын билдирди.

Төмөндө каңырыкты түтөткөн окуядан кыскача түшүндүрмө:

2010-жылдын 11-февралында саат 11:00 чамасында Сокулук районундагы Комсомол айылынан алыс эмес жердеги, "Ракун" кафесине жакын Сокулук-Дордой токоюнан 20-25 жаштардагы аялдын күйүп кеткен денеси табылган. Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер органынын тергөө органы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок, сөөктүн ким экендиги 3 айдан ашык белгисиз бойдон кала берген. Ким экендигин аныктоо жана кылмышкерди табуу үчүн Сокулук райондук ички иштер органына Москва жана Жайыл райондук ички иштер органы, Чүй областынын Ички иштер башкармалыгы, ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы кошулган. ИИМдин дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтык борборунун тизмеси дагы текшерилип, көңүл ачуучу жайлар, мончо-сауналар дагы иликтөөдөн өткөн. Иликтөөнүн натыйжасында зордукталып, ур-токмокко алынып, андан кийин бензин чачылып өрттөлүп кеткен дене Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын Манас көчөсүнүн №51 үйүнүн жашоочусу, күйөөсү менен ажырашып кеткен, бир кыз, бир уулдун энеси, 1983-жылы туулган Ибраева Мээрим Жумабековна болуп чыккан.

Иликтөөдө 2010-жылдын 10-апрелинде 29 жаштагы Мээрим Максат аттуу жигитке жолугуу үчүн болжол менен түнкү саат 22:40та чыгып кеткенин Мээримдин курбулары Гуля жана Назгүл билдиришкен. Мээримдин курбулары Максат тууралуу өтө терең билбестигин, сырткы келбетин сүрөттөө менен, болжолу Манас айылында жашаарын, бирок, так жашаган жерин билбегендиктерин айтышкан. Манас айылындагы 20-25 жаштардагы жигиттердин баары суралып, акырында Мээримдин достору "баягы Максат" деп Махмудду көргөзүшкөн. Максат Мээримди тааный тургандыгын мойнуна алган. 

Максат - Нуржанов Махмуд Махамадович, 03.11.1988-жылы Өзбекстан Республикасында туулган, Манас айылында, Северная көчөсүнүн №23 үйүнүн тургуну, аялы бар, орто билимдүү, мурда соттолгон эмес. М.Нуржанов 24.06.2010-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-статьясына ылайык кармалган. М.Нуржановдун айтымында, ал Мээримди жалгыз өлтүргөн эмес, жанында досу Арипов Риза Усенович болгон.
Арипов Риза Усенович - 05.08.1986-жылы Чүй областында туулган, Манас айылынын Дружба көчөсүнүн №2 үйүнүн тургуну, улуту түрк, аялы бар, жогорку билимдүү, мурда соттолгон эмес.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter