13 марта 2013, 14:04

Үмүт Мукамбетова, «Кабарлар.kg» сайтынын жетекчиси: Мугалимдер эки айдан бери эмгек акысын ала элек

Үмүт Мукамбетова, «Кабарлар.kg» сайтынын жетекчиси: Мугалимдер эки айдан бери эмгек акысын ала элек- Ушул ай ичи революция болушу мүмкүнбү?

- Бүгүнкү Кыргызстандагы абалга караганда революция болуп кетиши  мүмкүн.  Мен деле революция болушуна каршымын. Бирок бийлик   өзүнүн кемчилигин билип,  элдин нааразычылыгын эске алып, ошого жараша алгылыктуу иш жасаш керек эле. Тилекке каршы андай эч нерсени көрбөй жатабыз. Мисалы, мугалимдер эки айдан бери эмгек акысын ала элек. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы оркойгон коррупциялар сыяктуу көрүнүштөрдү эске алганда элдин арасында чындап эле нааразычылыктар көп болуп жатат.  Жазгы талаа иштери башталып келе жатканда революция десек элдин көңүлү бурулуп, күзүндө  түшүм болбой, кымбатчылык болуп кайра эле азабын өзүбүз тартабыз. Менимче элдин кыйналып жатканын бийлик сезип, ошонун чегинде иштеп жыйынтык бере албаса, анда революция болуп кетпейт деп эч ким кепил болуп бере албайт. Элдин нааразычылыгы эмне менен аяктаганын баарыбыз эле көргөнбүз. 

Булак: "Жаңы Ордо”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter