13 марта 2013, 14:40

Карамушкинанын шиши толуп калдыбы?

Карамушкинанын шиши толуп калдыбы?
Карамушкина деген депутат бар. Убагында кыргыздын улуттук улук баш кийими «калпакты биз барктабайбыз, мончодо артыбызга салып отурабыз» деп чет өлкөдөгү иш сапарында шылдыңга алса, эми Жалал-Абаддагы баатыр энелерди «фашист» деп айыптап чыкты. Кыргыздын калпагын артына салып отурса, аракка өлгүдөй тоюп алып айдоочусу адамдарды тепсетип жүрсө, эми кыргыздын энелерин фашист десе, анда андай депутат кыргыз мамлекетинин жогорку кызматында, эл өкүлү болуп отурууга кандай моралдык укугу бар?!

Депутаттын мындай пикирине нааразы болгон баатыр-энелер Карамушкинанын кечирим суроосун талап кылган эле, бирок алардын пикирин уруп ойнобогон депутат кечирим суроодон баш тартты. Албетте, адат болуп калгандай улуттук көөнөрбөс баалуулуктарыбызды тепселегенге көнүп калган дечи? Бирок Жогорку Кеңеште отурган кесиптештери айтып-деп койсо гана атаганат. Бу Карамушкинанын кыргызды жектеп, калпактан баштап тилибизге чейин жерисе, анысы аз келгенсип энелерибизге асылса анда кыргыздардын арасында эмне кылып жүрөт дейсиң. Эгерде Карамушкина баатыр энелердей болуп 10 баланы катарынан төрөп, багып чоңойтсо эненин кадырын билмек. Кайдан, андай колунан келмек түгүл, түшүнө да кирбесе керек. Албетте баатыр энелердей болуп бала багуунун ордуна бул Карамушкина мышыгы менен итин сылап сыйпалап отурса керек. Кыскасы бу Карамушкина кыргызга кара мүшкүл эле болду окшойт.  Спикер өзүнүн фракциясындагы депутатын тизгиндеп, айтып деп алганга жарайт бекен же баш ийип шылкыйып туруп берээр бекен?..

Булак: "Мекен Инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter