13 марта 2013, 15:00

Бишкек шаарынын вице-мэри В.Красиенко менен М.Мияров ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын вице-мэри В.Красиенко менен М.Мияров ээлеген кызматынан бошотулду
Шаарды жакшыртуу маселелерине жооп берген Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, Красиенко жумуштан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арыз жазгандыктан ал жумушунан четтетилген.

«Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жумушунан кетсин деп сунушталган мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров да кызматынан алынды. Ал өткөн жылкы ишиндеги кемчиликтери үчүн жумуштан кетти», -деди И.Өмүркулов.

Мэр ошондой эле мэрияда иштеген башка аткаминерлер менен анын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иши да текшериле турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 11-мартта Бишкек шаардык кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда депутаттар вице-мэр В.Красиенкону жана бир катар муниципалдык кызматтын башчыларын жумуштан четтетүү үчүн мэрге үч күн мөөнөт беришкен.

Булак : «Вечерний Бишкек»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter