14 марта 2013, 08:16

Mегакомдун мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев үй камагына чыгарылды

Mегакомдун мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев үй камагына чыгарылды
Кечээ, 13- март күнү Биринчи Май райондук соту  Мегакомдун мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим сотко төрагалык кылган Кымбат Архарова тарабынан чыгарылды. "Алгач, адвокаттын өтүнүчү бүгүн каралаары айтылган. Бирок, чечимди кечинде чыгарышты. Мурзалев сот залынан үй камагына чыгып кетти”- деди Айткулов.

Эске салсак, кечээ сот отурумунда  адвокат Виктория Каргабаева Мурзалиевдин ден соолугуна байланыштуу дарыланууга муктаж экендигине байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Кошумчалай кетсек, Мегакомдун мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана «Новострой сервистин» жетекчиси  Аман уулу Кенжебек ири суммадагы алдамчылыкка кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен барган деген айып тагылган.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыян 142 миллион 95 миң 170 сомду түзөт

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter