14 марта 2013, 08:51

Деги Рысбек деген ким эле?

Деги Рысбек деген ким эле?
Бул соболго 30дан 60 жашка чейинкилер жооп бере алат. Анткени өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында кыргыздын "Робин Гуду” аталган Рысбек Акматбаев өзүнүн санаалаштарын топтоп, акыйкаттык үчүн суурулуп чыккан. Мейли аны "мыйзамдагы ууру” дешсин, баатыр дешсин, бирок калк ичинде аброю бар экендиги талашсыз. Себеби ал эч убакта карапайым пенденин бир тоогуна залал келтирген эмес. Мына ошондуктан ага болгон симпатия эл ичинде дале жашап келет. Эгерде элди куруткан кан ичкич болгондо бүгүнкүдөй бирөө да кейимек эмес. Бул кыпкызыл чындык.

Жогоруда белгилегендей, мындан жыйырма эки жыл мурда денеси чың, тамеки чекпеген, арак ичпеген, сергек жашоого умтулган Рысбектин турмушунда чоң бурулуш болду. Дүйнөнү титиреткен СССР деген улуу держава ыдырап, анын желаргысы кичинекей Кыргызстанды да жөн койбоду. Ал эмес, эталон катары бааланган Россияда "Бригада” деген пайда болуп, мыйзам дегениң бут алдыда тебеленип калды. Милиция аттуу түзүм ошол бандиттердин "шестеркасына” айланып, анын кадыр-баркын кетирди. Баары эле кызарган бирдемкени жулуп алууга көзүн бурду. Келишкен өндүрүштөр таланып-тонолуп, төрт түлүк малдан заматта кол жуудук. Айтор, кылт эткендин көмүскө ээси табылып, өлкөнүн кыйсыпырын чыгарышты. Эпчилдер көздү жумуп-ачканча байып, эсирип калганын көрдүк.

Өлкө ичинде башаламандык орун алып, жорткон бөрүлөр өз билгендериндей тайралаңдап киришти. Ууру-кески чак түштө эч кимди тоотпой, криминалмын дегендер көбөйдү. Мындан сырткары чет жактардан келип өздөрүн кожоюн сезгиси келгендер да өлкөгө агылып кирүүгө ашыкты. Буга күч түзүмдөрүнүн шалтурукка айланганы себеп болуп берди. Мамлекеттин байлыгын менчигиндей унаага жүктөп алып башка өлкөлөргө чыгарып кетүү жосундарына бөгөт койгон бирөө да болбогону даана байкалды. Бир сөз менен сыпаттаганда он жылдап чогулткан өлкөдөгү жашоонун нормасы боткого аралаштырылды. Ал боткону билермандар каалагандай жеп-ичип, калганын башынан ашыра ыргытып жиберишти.

Мына ушуга окшогон бардакты, ашынган жоруктарды болтурбоого бирөө керек эле. Муну Рысбек өз мойнуна алды. Ириде элдин көкөйүнө тийген шаардагы, райондордогу шпаналардан тазалоо маселеси турду. Биринчи кезекте мээнети менен нанын таап жан баккысы келгендерге колдоо көрсөтүүнү тилек кылды. Анткени ошол кезде эптеп күн көрүүнү эңсегендер басымдуулук кылып турган. Колдон келгенин жасаган мекенчил жигиттин ошондогу жакшылыктарын азыркыга чейин узун сөз кылып айткандар дале арабызда жүрүшөт. Нечендеген зарлаган мекендештерге жөлөк-таяк болгонунан да кабардарбыз.

Ошентсе да арам оокатка азгырылган шылуун шайкаларды багындыруу оңойго турган жок. Себеби, алар жөргөмүштөй желелерин тор кылып жайып, сиңип баратышкан болучу. Акырындык менен өтө аша чапкандарды тизелетип коюну ниет кылганы натыйжа бере баштаган. Биринен бири уккан шектүү топтор Рысбектин жолунан чыга калуудан коркуп да калышкан. Анткени андай безерлерге катуу жаза берилген. Ал тургай өзүн кыйынмын деп оолуккандарды белин мертинтип, өмүр бою майып кылып таштоого туура келген. Антпесе, тамыры жайылып кеткен кылмыштуулукту токтотуу мүмкүнчүлүгү жок эле.

Арийне, элдин ырыскысына колун салып укмуш байыгандардын ким экендигин билүү кыйынчылык жараткан эмес. Акыйкатында алар деле Рысбектен ийменип турганы ырас. Бирок, алардан алынган "салыкты” пайдалуу ишке жумшоону жолго койгон. Капысынан өздөрүнүн арасынан кимдир бирөө белгиленген тартиптен аша чаап кетсе, катуу жазага кириптер болор эле. Ошондуктан чектен чыгуу эмне экенин билгендер андай тентектик иштерден алыс болууга умтулушчу.

Эмнеси болсо да, Акматбаев бейчеки иштерге кириптер болбоду. Албетте, аны көралбаган уюшкан топтор ага кол салууга чейин барышкан. Атышуу болгондон улам жаракат алган учурлар болгонун да билебиз. Канткен менен туура жашоо үчүн болгон аракет дайыма эле колдоого алына бербеси маалым. Анын калыс тартибине баш ийбегенге ниеттенгендердин колунан бирок анчалык чоң иш келбегени калп эмес.

Анын катачылыгы - киши колдуу болуп өлгөн иниси Тынычбектин ордуна депутат болом дегендигинде. Негизи бийликти тандоо кажет эмес болчу. Экинчиден, бийликтегилер кандай болгон күндө да андан кутулуунун жолун табышты. Эгерде ал парламентке келгенде олигархтардын далайынын ичин өткөрмөк. Жутканын кайра элге бердирип кыйла өзгөрүү жаратмак. Тилекке каршы, аны ыйык делген мечиттин алдынан буйрутма өлүмгө туш кылышты. Мусулман адам үчүн бул чоң күнөө болот. Рысбек жаш кетти. Антсе да анын артында, эл арасында жылуу пикир жашап жатат. Атаңдын көрү, ушул тапта Рысбектей кылычтай шилтенген жигиттер керек болуп турат...

Булак: "Мекен инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter