14 марта 2013, 08:59

М.Чолпонбаев: Митингке миңдей адам топтолду

 
М.Чолпонбаев: Митингке миңдей адам топтолду
Өзүңөр ачык көргөндөй, бийлик аянтка милициянын «кордонун» тизип, «митингке барбагыла» деп атайын акчаларын да таратышып, ар кандай спорттук иш-чараларды Сокулук, Аламүдүн, Москва райондорунда жана Кара-Балта шаарларында өткөрүп жатышат. Бул тууралуу коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев «Учур» гезитинин 14-мартта чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сокулук районундагы митингке келчү кишилерди, автобустарды жибербей коюшту. Ошондой эле күнүнө телерадиодон «митингке келсеңер жайлайбыз» дегенчилик кылып, Атамбаев баш болуп, элди коркутуп жатышты. Жанагы Кулов байкеңер «курал колдонгондон да кайра тартпайм» деп жар салууда. Анан калса такыр айлалары кеткенде Москвадан ЖККУнун аскердик командачысы Николай Бордюжаны чакыртып келишти. Бүгүн митинг болордо булардын аскерлери дагы даяр турушту.

Мунун баарын угуп жаткан эл эмне, митингке келмек беле? Митингке «кыргыз үчүн күйөм, кан-жаныбызды аябайбыз» деген нагыз патриоттор гана келишти. Миңдей адам топтолду. Айрымдары келейин эле дешти, бийликтен коркуп, келүүгө даабай коюшту, деп кошумчалайт ал.

Ал эми байкоочулар болсо кечээки митингде 100дөй адам болгонун айтышууда.

Булак : «Учур»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter