14 марта 2013, 09:20

Маданият министрлиги Жунусов менен Раевге гана энчиленгенби?

Маданият министрлиги Жунусов менен Раевге гана энчиленгенби?
…Карап турсаң баары окшош. Бир гана мурдагы президенттер жок. Калганы ордунда. Маданият министрлигинен Ибрагим Жунусов кетсе, ордуна мурдагы маданият министри Султан Раев барып олтурду. Кудум бул министрликти экөөнө энчилеп берген сыяктуу. Экөөнүн тең Оштун Кара-Суусунан болгонун карабайсызбы. Ибрагим Жунусов обончу, ырчы болсо, Султан Раев жазуучу, мыкты журналист. Мында талаш жок. Бирок экөө тең министр катары кандай иштегени да элге маалым...

Бүгүн өкмөт маданият министрлигине 1 млрд. сомдон ашуун акча сарптайт. Бирок ал элдин маданиятын көтөрүүгө, ага кызмат кылууга эмес, министрликтин муктаждыгына жумшалат. Бул тармакты түп-тамырынан реформалоого жогорудагы  эки министр тең аракет кылган жок. Эгер Султан Раев адатынча бир калыпта иштей бергенде, балким азырга чейин креслодо олтура бермек. Бирок ал 2010-жылы Мельникофф деген америкалык сүрөтчүнүн көргөзмөсүн уюштура коем деп кызматынан шыпырылган. Анда да башкалар эмес, КСДП фракциясы кызматтан алуу боюнча маселе көтөрүп чыккан. Эртеси парламентке келген Раев орой жооп берип, депутаттардын каарына кабылып, Данчиктин (Данияр Үсөнов)  200 грамм ичип кой деген кеңешин угуп кресло менен кош айтышкан. Азыр болсо дал ушул КСДП фракциясы аркылуу кайра кызматка келип олтурат.  Раевге макулдук берип атканда  ЖК депутаттары дагы эле залкарлардын мааракеси, эстелиги, атын кайсы бир маданий мекемелерге коюу боюнча кеп козгоду. Албетте, залкарларды урматташ керек. Бирок ушул кыйынчылыкта аларга ар кайсы жерге эстелик тургузуу абдан эле зарылбы? Эмне үчүн маданият десе эле эстеликти түшүнөбүз? Бүгүн бийлик элди митингге чыкпагыла деп жатат. А эмне үчүн ушул үгүткө маданият министрлигин тартпайт? Эмне үчүн министрлик мезгилге үндөшкөн драмаларды буюртма жолу менен жаздырып, аларды элге алып чыкпайт? Азыр элдин жашоосун же жарандардын өз жүзүн өзүнө искусство аркылуу көрсөтүп, эске келтирип, паракорлордун кейиштүү финалын көрсөткөн иштер качан жаралат? Же маданият министрлигинин колунан бир жылда 1 млрд. 30 млн. сомду ашказанга сиңирип коюу гана келип калганбы?  Кыскасы, баягы эле орун алмашуу кайталанды. Эгер эртең «Ата Журт» фракциясы башкаруу коалициясына кирсе, кайра И.Жунусов министр болуп, С.Раев ордун бошотсо ага деле таң калуунун кереги жок. Анткени эптемей өкмөттүн жүзү ушундай кишилерден куралган. Балким  С.Раев министр болгондон көрө баш көтөрбөй чыгарма жазып, И.Жунусов мыкты обондорду жаратса, же кайра студенттерди окутса,  коомго, мамлекетке  министрге караганда көбүрөөк   пайда келтиришмек беле...

Тенти Мураталиев, Кыргыз эл артисти, профессор: "Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илбесе болду”

-Султан иним маданият тармагына бөтөн киши эмес. Бул тармакты канча жылдардан бери жетектеп, иш жөндөмдүүлүгү жетилип каныккан десек жаңылышпайм. Мурун иштеп жүргөнүндө кетирген кемчиликтерин оңдоп, көсөмдүгүн, камкордугун көргөзсө, анда алкоого арзыйт. «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» саясатын жүргүзбөстөн, маданият тармагындагы улуу муундун өкүлдөрү менен кеңешип иш алып бара турган болсо, аталган тармакты алга жылдырат деген ишеничтемин.

 

Булак: "De-Факто”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter