14 марта 2013, 09:58

Өмүркулов мырза “эс алабы?”

Өмүркулов мырза “эс алабы?”
Бишкек шаардык Кеңештеги «Республика» фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев: «Шаардагы бардык чөйрөлөрдө жемкордук гүлдөп жатат. Кызматка тааныштарды алып, паракорчулукка малынган. Аткаруу бийлиги төмөнкү деңгээлде. Мэриянын демилгелери мааниге ээ эмес, популизмге толгон. Мисалы, көчөдө тентип жүргөн 200 итке ылайыкташтырылган 40 млн сомдук жайды курууну сунуш кылыптыр. Биздин көчөлөрдө болсо, 30 миңден 50 миңге чейин ит тентип жүрөт» дейт. Андан ары дагы толгон кемчиликтерди санайт Жээнчороев мырза. Анын партиялашы, депутат Эрнис Докенов: «Бишкектин жалпы карызы 1,225 млрд сом, бардык бюджеттин чыгаша бөлүмүнүн 19,2 пайызын түзөт. Эми түрктөрдөн карыз алып таштандыларды кайра иштетүүчү завод курганы жатышат. Аны кошсок, насыябыз 3,6 млрд сомго жетет. Ал карызды 38 жыл төлөйт экенбиз» деп кошумчалайт. Аларды угуп алып Өмүркуловдун эс алуучу мезгили келип калганбы деген ой дагы пайда болот экен…

Булак: "Фабула”. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter