14 марта 2013, 10:06

С.Жапаров соттон журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранды

 
С.Жапаров соттон журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранды
Соттолуп жаткан парламенттин депутаты журналистти кылмыш жоопкерчилиге тартууну суранды. Бүгүнкү болуп жаткан сот процессинде «Ата Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаров соттон «Азаттык» радиосунун журналисти Заирбек Бактыбаевды кылмыш жооркерчилигине тартууну суранды.

Журналисттин айтымында, аны күбө катары сурашкан жана ал 2012-жылдын 3-октябрындагы окуяга карата макаласын жазган. «Митинг башталганга чейин 2 саат мурун мен бир фракциянын жетекчиси менен жолугушкам. Анда ал митингди шылтоолоп, «Ата Журт» фракциясынын депутаттары бийликти басып алууну даярдашууда деген», - деп билдирди З.Бактыбаев.

Соттолуп жаткан адамдар ал фракциянын лидеринин атын атоону талап кылышты. Бирок журналист аны айтуудан баш тартты жана булактын өздүгүн атабоого укуу бар экендигин белгиледи.

С.Жапаров диктофондук жазып алууну талап кылды, ага журналист анын жок экенин билдирди. «Бул калп көрсөтмөлөр, буга карата кылмыш жоопкерчилиги бар. З.Бактыбаевдин көрсөтмөсүн кылмыш ишинен алып салууну суранам», - деди Жапаров.

Булак : 24.kg маалымат агенттиги
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter