14 марта 2013, 10:36

Депутат Ы.Кадыралиева: Кечээки бийликтин этегин тили менен шыпырып, бүгүн «оппозициямын» деген журналисттер аман болсун

Депутат Ы.Кадыралиева: Кечээки бийликтин этегин тили менен шыпырып, бүгүн «оппозициямын» деген журналисттер аман болсун
 Интернет, гезиттерге жарыяланган менин сүрөтүм беделиме эч кандай шек келтирбейт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева «Учур» гезитинин 14-мартта чыккан санына берген маегинде маалымдаган.

«Анткени, ал жерде мен бирөө менен кучакташып, колума стакан же чылым кармап отурган жокмун. Ал эми кызматтан кийин кандай кийим кийиш ар бир адамдын жеке укугу. Андан кынтык издөөнүн өзү туурабы? Андан бери мен көп жерлерге бардым, эл араладым, мага эч ким терс пикирин билдирген жок. Кызыгы, көп сүрөттүн арасынан эң начар сапаттагы эки сүрөтүмдү чагылдырышты. Мени кейиткени, кыргыз журналистикасынын беделин түшүргөн, ушундай төмөн адамдардын бардыгы. Мен жалпы журналисттерге сөз тийгизгим келбейт. Бирок, «эшегине жараша тушагы», же «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, журналисттердин арасында да бузуктар бар турбайбы», - дейт депутат.

Анын айтымында, аны шантаж кылышкан. Ага далилдер бар. Максатбек Жолдошбеков деген жигит фейсбукка «мен бомба сүрөттү сатам» деп жазды. Ага чейин сүрөттөр журналисттердин колунда жүргөнүн жеткиришкен, башка адамдарга барып «сүрөттү аласыңарбы?» деп жүргөн.

Кыскасы, мен сүрөт чыгаарын алдын-ала билгем. Ойлошту окшойт, мени чуркап келе калат деп. Мен андайга барбайм. Негизи, мени ошол жерге жөн гана алып барган эмес экен. Мен аны кийин түшүндүм. Албетте, мага боор тартып, колдоо көрсөтүп, ишеним көрсөткөн замандаштарыма ыраазычылык билдирип, мындан ары койнуна котур ташын каткан «достордон» алыс болгонго сөз берем. Ал эми кечээки бийликтин этегин тили менен шыпырып, бүгүн «оппозициямын» деп көкүрөгүн каккан журналисттер аман болсун, деп кошумчалайт ал.

Булак : «Учур»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter