14 марта 2013, 12:50

Ош облусунун тургундары: "Фашист” деген И.Карамушкинага кылмыш ишин козгоону талап кылабыз

 

Ош облусунун тургундары: "Фашист” деген И.Карамушкинага кылмыш ишин козгоону талап кылабыз

Ош облусунун тургундары КР президенти А.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго, Жогорку Соттун төрайымы Ф.Жамашевага, Башкы прокурор А.Саляновага, фракция лидерлери Ч.Турсунбековго, А.Сулаймановго, М.Абдылдаевге, Т.Зулпукаровго, Ф.Куловго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

Кайрылууда «Күнөөсү мойнуна коюла элек депутаттарды колдоп, бийликке үнүн жеткирүү үчүн өз алдынча топтолуп, акция өткөрүп жаткан баатыр энелерге карата "фашист” – деген сөздү айткан депутат И.Карамушкина адамдын кол тийбестигине, социалдык абалына, ээлеген кызматына, улутуна, расасына жана жынысына карабай жалпы Кыргызстандын элинен кечирим суроосун талап кылабыз!», - деп жазылган.

«Урматтуу президент, спикер, башкы прокурор, Кыргызстандын баатыр энелерине карата «Фашист» деген Ирина Карамушкинага тез арада кылмыш ишин козгоону талап кылабыз! Урматтуу спикер КР жарандарын "Фашист” –деген депутаттын Кыргыз парламентинде отурууга укугу бар же жок экендигин Жогорку Кеңештин отурумуна талкууга алып чыгып, аны телевидениелер аркылуу түз эфирде калкка көрсөтүүнү камсыз кылууңузду талап кылабыз», - дешет Ош облусунун тургундары.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter