14 марта 2013, 12:59

Балбай Алагушев, коомдук ишмер: “Раев “иштеп жүргөндө эмне кылдым, эмне жаңылык ачтым” деп өзү деле жооп бербейби”

Балбай Алагушев, коомдук ишмер: “Раев “иштеп жүргөндө эмне кылдым, эмне жаңылык ачтым” деп өзү деле жооп бербейби”
Кыргыз эли маданияты, күүлөрү, тили, каадабыз менен улутпуз. Ошол улутту сактап калчу бирден бир министрлик маданият министрлиги экенин эч ким танбайт. Жаңы дайындалган маданият министри Султан Раевге көптөгөн сындар айтылууда, чындыгында буга чейин министрликте өзгөчө иш жасабаган Раевдин кайра барышы көпчүлүктү таң калдырууда. Раевдин убагынан аз болсо да оңолуп калган министрлик эми агенттикке түшүп калбас болду бекен. Бул туурасында алгачкы музыка изилдөөчү Балбай Алагушов да өз пикирин билдирди.

- Эгемендүүлүктү алгандан бери маданият тармагыбыз кандай өнүгүүдө жана эмнеден аксап жатабыз?

- Эгемендүүлүктү алгандан бери маданияттан кол жуудук. Себеби, "Эл чыгармачылык үйү” деген атайын өздүк көркөм чыгармачылыгына канат болгом, мектеп болгон чыгармачылык үй бар эле, азыр жок. Ар бир райондо, областта өздүк көркөм чыгармачылык үчүн маданий мекемелери болгон, сынактар өткөрүлчү. Маданияттын бир тармагы мамлекет болуп туруп, биздин китеп чыгара турган өкмөттүн карамагындагы басмабыз жок. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстанда маданий мекемелер союз убагында кандай болсо, ошол бойдон сакталууда. Басмакананын баары жеке менчик, кимдин чөнтөгү калың болсо китеби чыгат, жакыр акын-жазуучулар, композиторлор жыйнактарын чыгара албай калды. Өтө күйүткө салганы шаарыбызда 20дан ашык мамлекеттик китеп дүкөндөр бар эле. Азыр алардын бири да жок, болгону "Нуска” деген гана бир дүкөн бар. Ушундай абалда кантип өнүгөбүз? Кантип өсөбүз? Каңырыгымдын түтөгөнү мамлекетибизге тиешелүү мекемелер жеке менчикке өтүп кетип, руханий байлыгыбыз өчүп, өлүп атат. Эгемендүүлүктүн бир жагы жакшы, бир жери жаман экен. Бардыгы өз учурунда сатылды. Эмне деген Республика бир мамлекеттик басмаканасы болбогондон кийин? Жебей-ичпей, өз чөнтөгүмдөн китеп чыгарып, элге калтырып кетүүнү максат кылат экенсиң. Бойго жетип турганда. Жаштар "Түгөлбайды комузчу, Чыңгызды ишкер” дешет, эч нерсе билишпейт, окушпайт. Интернет деген укмуш экен. Эмне көп ырчы, обончу көп. Ошолордун сөзүнүн дайыны жок "Акаң барбы, үкөң барбы, чакырып койчу танцага” дейт. Мурда маданият министрлигинин алдында атайын кеңеш бар эле, ошолор кемчилигин айтып, электен өткөрүп эл алдына чыгарчу. Азыр каалагандай ырдашат. Теледен, радиодон аткарган ырчылардын аты-жөнү айтылат да, сөзү, обону кимдики экени айтылбайт. Биринчи радиодо 6-7ге чейин бир саат ыр берет, бирөөнүн да аты аталбай, жок дегенде ырдын аталышын, кимдин аткаруусунда ошону айтып коюшпайт. Кыргыздын көөнөрбөс таланттары унутта калды, ошондуктан жаштар маңкурт болууда. 1992-жылы Абдылас Малдыбаевдин көзү өткөндө өкмөттүн чечими чыккан "үйү музей болсун” деп, баласынын акмакчылыгына үйүн бербей "мага үй бергиле, анан үйдү бошотом” деп эмдигиче чечилбей келет. Кыргызда Аалы Токомбаевдин эле үй музейи бар. Калган эч кимдики жок. Жумакматовду эстеген адам жок, же көчөгө ысымын берип коюшпады. Акын, жазуучулардан бирин-экин эстеликтери бар, композиторлордун бириники да жок. "Манас” деп ураан чакырабыз, шаарга экини, Ошко бирди, Москвага, эми Алтайга музей ачканы атабыз. Эмне үчүн филармониянын алдына Манас музейин ачпайбыз да "Пекин” ресторанды, сойкукананы ачабыз. Ошолордун ордуна эл шайырлар музейи деп койсок эмне болот? Кытайда театрынын, же филармониясынын алдында "Кыргызстан” деген ресторан барбы? Ушуларды көрүп күйөсүң. Музыкалык өнөрүбүз күндөн-күнгө өсүүнүн ордуна, өчүп баратат. Атактуу инсандарыбыздын артында кишиси барлар эскерилет, кишиси жоктор көмүлгөн бойдон калууда. 1949-жылы 2-январда М. Күрөңкеев, 1949-жылы 9-майда М. Баетов, 1949-жылы 20-декабрда А. Огомбаев өлдү. Булардан кийинки залкарлар менен ата-баладай бирге жүрдүм, ошо кишилерди эстегенде каңырыгым түтөп, көзүмө жаш алам. Себеби, атактуу адамдарды даңктамайын, кыргыздын баркы болбойт.

- Маданият министрликтери 20-жылдан бери өз милдеттерин туура аткара алдыбы, дегеле министрлик маданиятка кандай салым кошууда?

- Купулума толгон жок, илгеркидей жайдын ысыгына күйүп, кыштын суугуна тоңуп гастролго чыгышпаса, бирөөлөр чакырса барат. Филармониянын унаалары жок, кимдин машинасы бар. Эстрада жылдыздарынын унаалары бар, "Жыйырма биринчи кылымдын жылдыздары” дешип 4-5тен топтошуп кыдырып чыгышат. Билбейм, министрликтин кереги барбы, же жокпу... Министрликтин аты гана болбосо, заты жок. Илгери бир да чыгарма министрликтин уруксатысыз чыкчу эмес, азыр жаңы чыгарманы кабыл ала алышпаса, же аларга сөздөрү өтпөсө. Таң калам, бир нерсе десе эле каражаттын жоктугуна шылташат.

- Жаңы дайындалган министрге кандай пикирдесиз? Буга чейин министр кезинде министрликти агенттик деңгээлге түшүрдү эле...

 -Бизде кадр саясаты туура эмес жүргүзүлүүдө. Он жыл мурун отуруп, эмне Америка ачты. Анын кандай ишкер экенин, кандай деңгээлде экенин эл билет, мен да жакшы билем. Уят-сыйы бар болсо келбейт эле. Раевден башка маданиятты түшүнгөн киши керек эле... Бирок, ак үй, көк үйгө жаккандар келе берет экен. Менден башкалар да көп сындарды айтууда, театр жамааттары өздөрү чечсин, мен жеке оюмду айтсам ишти беш манжасындай билген уюштургуч, мыкты жалындаган адам керек эле. Кайрадан Раевдин ошол кызматка барганына таңгалам. "Иштеп жүргөндө мен эмне кылдым, эмне жаңылык ачтым” деп өзү деле жооп бербейби.

- Жеке пикириңизде министрликке кимдер татыктуу эле?

- Маданият министрлигине Муратбек Бегалиев, Тимур Саламатов сыяктуу музыкалык билими бар, жетекчиликте жүргөн. Тимур Саламатов музыка таануучу, артисттердин түйшүгүн билет. Көпчүлүгү музыка дүйнөсү болгон соң, музыкага түшүнүгү бар адамды коюш керек эле. Ысыгына күйгөн, суугуна тоңгон чыныгы адис керек. Издесе ылайыктуу, таланттуу жаштар көп.



Булак: "Фабула”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter