14 марта 2013, 13:12

ЖК депутаты К.Абдиев камактагы эл өкүлдөрү боюнча президенттин оюн угууну сунуштады

ЖК депутаты К.Абдиев камактагы эл өкүлдөрү боюнча президенттин оюн угууну сунуштады
 «Ата Журт» фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы депутаттардын абалы боюнча ой пикирин угууну сунуштады.

Эске салсак, А.Атамбаев пленардык жыйынга өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүн кабыл алуу үчүн келет.

К.Абдиевдин айтымында, ал камактагы депутаттардын иши боюнча сот процесстерине дайыма катышып жүрөт. «Кийинки учурларда катышкым да келбей калды. Себеби дегенде, болбогон маселелерди чече албай жаткан жагдайлар болууда. Чынында, сот отурумунда жогору жакта күч тургандай сезилет. Ошондуктан бул маселелер боюнча президенттин оюн угушубуз керек. Депутаттардын дагы суроо-талаптары болот», - деди ал.

Ошондой эле депутат өлкөдөгү кономикалык абал боюнча дагы бир катар суроолорго жооп берүүсүн камсыз кылуу керектигин сунуштады.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter