14 марта 2013, 13:37

Таласта ардагерлер кеңешинин пленуму болуп, анда жаштарды ыйман-ызаатка, патриоттуулукка тарбиялоо маселеси каралды

 
Таласта ардагерлер кеңешинин пленуму болуп, анда жаштарды ыйман-ызаатка, патриоттуулукка тарбиялоо маселеси каралды
Бүгүн, 14-мартта өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында облустун ардагерлер кеңешинин кезектеги пленуму болуп, анда жаштарды ыйман-ызаатка, патриоттуулукка тарбиялоодо улуу муундардын алдында турган милдеттери жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы билдирди.

«Илгертен ата-бабалар жаштарга насаат айтып, кеп-кеңешин берип, аларды жакшы жолго багыттап келишкен», - дейт облустун ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев. Акылман Бакай, Кошой карыялар кан Манаска акыл кошуп, элди биримдикке үндөшкөн.

Пленумда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков баяндама жасап, өткөн 2011-2012-жылдарда облус боюнча 146 адам топтошкон уурулардын катарын түзүп, алардын 120сы соттолушкан. Үй уурулукка 124 адам барышса, анын 110у административдик жазаларга тартылышкан. 17 адам зордуктоо боюнча колго түшкөн. «Мына ушул адамдардын басымдуу көпчүлүгү жаштар болуп жатышкандыгы өкүнүчтүү», - деп белгиледи баяндамачы. Өткөн жылы 8 жаш өспүрүмдөр суицидге барышканы маалым болду.

Пленумда жаштарга таалим тарбия берүүдө ардагерлер кеңештери, коомдук уюмдар, билим берүү тармактары жана административдик жетекчилер биргелешип терең тарбиялык иштерди алып баруу боюнча кайрылуу кабыл алышты.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter