14 марта 2013, 14:30

Марат Казакбаев: “Ташиев тосмодон 100 жолу ашып өтсө да жактоочулары аны коргойт”

Марат Казакбаев: “Ташиев тосмодон 100 жолу ашып өтсө да жактоочулары аны коргойт”
Эске сала кетсек, атажуртчу депутаттардын иши боюнча сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу соттон аларга карата 9 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.


Анын айтымында, депутаттар бузган мыйзам кылмыш кодексинин оор беренесине жатат.
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго 10 жыл, Талант Мамытовго 9 жыл, Кубат Кожоналиевге 8 жыл,  ал эми жан сакчыларына 3 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Буга байланыштуу саясый серепчи Марат Казакбаев kyrgyztodayге өз пикирин билдирди. Анын айтымында, негизинен  мамлекеттик айыптоочудан ушундай кадамдар күтүлүп жаткан."Эгер акыркы чечим ушундай чыгып калса, анда коомчулукта чоң ызы- чуу болот. Себеби Ташиевдин жактоочулары күчтүү жана көп. Аны тосмодон 100 жолу секирип ашып өтсө да колдойт. Аларга административдик гана айып тагуу жетиштүү. Митинг учурунда материалдык зыян да келтиришкен эмес. Ташиев Атамбаевдин башкы атаандашы. Бийлик деле өздөрүнүн ийри системасын түшүнүп жатат. Бул саясый куугунтук.  Алар өз адамдарынын кылмыш иштерин үстүртөн карап жаап- жашырууга аракеттип жатышат Маселен, "Ата Мекендин” депутаттарынын талап- тоноочулукка катыштыгы бардыгы далилденди го. Бирок аны жаап- жашырып, видео тасманы да көрсөттүрбөй кошту”- дейт Казакбаев.

Эске салсак, 2012-жылдын 3-октябрында "Ата Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Кийин алар бийликти басып алууга аракет кылган деген күнөө менен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул иш боюнча сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 10-январынан бери болуп келет.

 kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter