14 марта 2013, 15:24

Жол «тудэй» - Максим Бакиевди түбөлүккө “царь” кылгысы келгендер кимдер?

Жол «тудэй» - Максим Бакиевди түбөлүккө “царь” кылгысы келгендер кимдер?
Чыныбай Турсунбеков бийлик үчүн туруп берем деп чыркырап туру. Т.Чыныбайдын чыркырай тургандыгынын чындыгы барбы? Анын дагы бир чыркыраганы парламентти сактап калуу, албетте, жарым миллион доллары күйүп кеткен жатса, Чыныкең чыркырабаганда ким чыркырайт эле. Жаңы келе турган  парламент чыркыратып туруп ит бекерге алган элдин энчиси БЛАЗды (Бишкек ликер-арак заводун) тартып алса эмне болот? Чын эле чыркырай турган жөнү бар экен. Эми Акаевдин бийлиги үчүн чыркыраганын коё туралы, мына Чыныкеңдин 2009-жылы Бакиевди президент кылам деп, элге бекер унун таратып, Атамбаевге каршы үгүттөп жүргөнүн да тим эле коёлу. Үч жыл мурун 2010-жылы дал ушул мезгилде Бакиевдин бийлигин сактап калыш үчүн чыркырап, ошол кезде Роза Отунбаева башында, Алмаз Атамбаев төшүндө турган БЭКти эл алдында жамандап жүргөн ушул эле Чыныбай мырза болгон. Максим Бакиевдин көрсөтмөсү менен Ынтымак курултайын уюштуруу иштери боюнча Теңир-Тоодо демөөрчү болуп жүргөнүн ким жокко чыгарат. Ынтымак курултайын уюштурууда Максим Бакиевдин алдында зор эмгек сиңиришкен, Турсунбековдун коллегалары: Ишенбай Абдразаков көлдү, Дастан Сарыгулов Таласты, Жаңыл Түмөнбаева Чүйдү, Нур уулу Досбол Баткенди, Үсөн Сыдыков Ошту үгүттөп, Отунбаева, Атамбаевдерди жети баштуу желмогузга теңеп жатышпады беле. Ушул эле курултай болоор алдында Бакиевдин колтугуна кирип, президенттин квотасы менен делегат болуп келишкен: Кеңешбек Дүйшөбаев, революциядан кийин УКК жетекчиси, Эмил Үмөталиев, Равшанбек Сабировдор министр болушса, Тургунбек Кулмурзаев "Кыргызгаздын” жетекчиси, Накен Казиев министр деңгээлинде чиновник, Кожогелди Култегин министрдин орунбасары болуп отурушканын кандай түшүнсөк болот? Ынтымак курултайынын алдында оппозицияга оор сокку урулган, анткени Курултайга президенттин квотасы менен келген делегаттардын арасында Бакиевди айга-күнгө теңеп жатышкан интеллигенциянын өкүлдөрү: Бексултан Жакиев ( революциядан кийин Кыргыз Эл Баатырын алган), Сагын Акматбекова (революциядан кийин Кыргыз эл акынын алган), Асан Жакшылыков, Кеңеш Жусупов, Жамал Сейдакматова, Кадыр Кошалиев, Элмирбек Иманалиев, Асанбек Стамов, Шайырбек Абдрахман уулу, Илим Карыпбеков, Сабыр Иптаров, Кусеин Исаев, Түгөлбай Казаков, Жоомарт Кадыралиев, Сагынбек Момбеков, Жаныш Кулмамбетовдор азыр деле май-талкандын үстүндө жүрүшкөнүн ким жашырат? Ушул Ынтымак курултайында Максим Бакиевди түбөлүк Кыргызстанды башкарууга бир добуштан добуш бергендердин арасында, президенттин квотасы менен келишкен, укук коргоочулар: Азиза Абдрасулова, Динара Ошурахунова, бүгүнкү парламент депутаттары: Бөдөш Мамырова, Нурлан Төрөбеков, эки депутаттын агасы Келдибек Туманов, Каныбек Осмоналиевдер бар. Башмыйзамдын 11 беренесинин негизинде Президенттин квотасы менен Курултайга делегат болгон 150 адамдын арасында: Табылды Эгембердиев, Замира Акбагышова, Карыпбек Алымкулов, Рахат Ачылова, Мукаш Базаркулов, Канатбек Бегалиев, Садырбек Дубанаев, Шаткүл  Кудабаева, Шабданбек Кулуев, Алманбет Матубраимов, Эсенгул Өмүралиев, Мелис Эшимканов, Иманкадыр Рысалиев, Жумагул Сааданбеков, Слензак-Бегалиева Зенона, Мырзакан Субанов, Кубанычбек Сыйданов сыяктуу Бакиевге жүгүнүшкөн адамдар болгон. Андан тышкары жер-жерлерден шайланып келгендер жана бийлик бутагынын өкүлдөрү катышкан. Орус жазуучусу Валентин Распутин: "Живи и помни”-деп айтканын чала жазуучу Турсунбеков унуткан окшойт. Унутпаса эмнеге дагы эле бийликтин таламын талашып чыркырайт? Эсиңиз барда этегиңизди жабыңыз, эмки бийликке да кичинекей бет калтыра көрүңүз.

"Кыргызтудэй” 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter