14 марта 2013, 15:32

М.Ниязовдун маегине тактоо: Жогорку Кеңештин быйылкы жылга бюджети былтыркыдан 50,5 млн сомго аз

М.Ниязовдун маегине тактоо: Жогорку Кеңештин быйылкы жылга бюджети былтыркыдан 50,5 млн сомго аз
Бүгүн, 14-мартта жарыяланган М.Ниязовдун маегинде Жогорку Кеңештин быйылкы жылга чыгашасы боюнча туура эмес маалымат берилген. Анда «депутаттар былтыркы жылга караганда быйыл 900 миллионду көбүрөөк сарптаганы турушат» деп айтылат. Жогорку Кеңештин чыгашасы кыскарууда деп буга чейин билдирип келгенбиз. Бүгүн кайрадан бул маалыматты эске салууга туура келип отурат, деп билдирди ЖК басма сөз кызматы.

2012-жылы парламенттин бюджетине 959 млн 567 миң сом каралса, кыскартуулардан соң иш жүзүндөгү чыгым 771 млн 877 миң сомду түзгөн. Мындайча айтканда, 2012-жылы жалпы жонунан 187 млн 690 миң сом бюджеттик каражат үнөмдөлгөн, анын ичинде 12,6 млн сом - төраганын фондун кыскартуу эсебинен, 29,7 млн сом - Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн жоюудан үнөмдөлгөн.

Ал эми 2013-жылга Жогорку Кеңештин бюджети 721 млн 320 миң сом өлчөмүндө каралды, тагыраак айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу 50,5 млн сомго аз.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter