14 марта 2013, 16:08

Мирослав Ниязов, коомдук ишмер: Биз митинг өткөрбөй калдык

 
Мирослав Ниязов, коомдук ишмер: Биз митинг өткөрбөй калдык
Мирослав мырза, 15-марттан кийин борбордук аянтта митинг өткөрөбүз деп жарыя кылдыңыздар эле, кандай шарттарды коюп жатасыздар?

- Жок, биз митинг өткөрбөйбүз. Анткени азыркы кырдаалга баам салып байкап көрсөк, көптөгөн күчтөр митингтерди өткөрөбүз деп аракет кылып жатышат. Биз болсо бардык иш-аракеттерди тынчтык жолу менен, маданияттуулук, чыдамдуулук менен, ар кандай чыр-чатагы жок эле жасайлы деп турабыз. Мамлекетибизде стабилдүүлүктүн болушун каалайбыз. Бирок, ошол эле учурда парламент өз ыктыяры менен тарап кетүүсүн талап кыла беребиз.

- Бирок, буга чейин митинг өткөрөбүз деп билдирдиңиздер эле да?

- Ооба, 15-марттан кийин митингдерди өткөрөбүз деп билдиргенбиз. Бирок, митинг өткөрүү жолу менен эмес, жогоруда айтканымдай чыдамкайлык менен стабилдүүлүктү сактап, маданияттуу жол менен аракеттерди жасоону чечтик. Андыктан митинг өткөрбөйбүз. Азыркы тапта жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди стабилдүүлүккө үндөп жатабыз.

- Көпчүлүк коомдук ишмерлер, саясатчылар «Эл митинг-пикеттерден тажап калды» деп айтышууда. Бирок, айрым саясатчылар дагы деле чарчабаганы билинип турат. Эмне себеп?

- Митинг деген нерсе нааразычылык акция катары боло берет. Бирок, ал мыйзамдын чегинде,тартиптүүлүк менен болушу керек. Биз митинг өткөрсөк дагы саясый маданияттуулугубузду көрсөтүшүбүз кажет.

- Кечээ экс-спикер Мукар Чолпонбаев уюштурган митинг болуп өттү. Бирок, ал буга чейин айтып келгендей 5000 адам эмес, 200—300дүн тегерегинде адамдар чогулду. Балким чындап эле эл чарчаган болуп жүрбөсүн?

- Мен аны бибейт экенмин. Чолпонбаев менен эч кандай байланышым жок. Бекназаров дагы митингдерди өткөзөм деп жүргөнүн укканбыз. Аны менен деле байланышыбыз жок.

- Көпчүлүк саясатчылар парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз жок экендигин айтышууда. Эмне үчүн сиздер шашылып жатасыздар? Бийликке, парламентке шайлоо жолу менен эле барса болбойбу?

- Анткени азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө өтө ыңгайлуу шарттарды түзүп алышты. Былтыркы жылга караганда быйыл 900 миллионду көбүрөөк сарптаганы турушат. Алардын жасап жаткан иштери кечиримсиз. Ошондуктан аларды тез арада таратуу керек. Экинчи жагынан бийликке шайлоо жолу менен эле барган абдан туура. Биз дагы маданияттуу жол менен эле парламентти таратышыбыз керек. Анткени азыр өлкөбүздүн тагдырына күйгөн эч ким жок. Ички, сырткы коркунучтар болуп жатат. Жоопкерчиликсиз башкаруу системасын түзүп алдык.

Булак : Focus.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter