14 марта 2013, 16:16

"Жерүй" "Кумтөрдүн" тагдырын кийип калбаса экен...

"Жерүй" "Кумтөрдүн" тагдырын кийип калбаса экен...
Таласка болгон сапарыбыздын бирден-бир максаты "Жерүй" алтын кени менен жакындан таанышуу болчу. Тилекке каршы, лицензиясы жокко чыгарылган "Жерүй" алтын ишканасынын жетекчилиги аба ырайынын катаалдыгын жүйө кылып журналисттерди кенге жакын жолоткон жок. Ошентсе да Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Ишимбай Чунуев кенге байланышкан суроолорго жооп берди. Чунуев учурда "Жерүй" кенин иштетүүгө конкурс өткөрүү боюнча 46 кишиден турган мекемелер аралык комиссия жигердүү иштеп жатканын айтып, элдин кызыкчылыгы толугу менен корголот деп ишендирди. "Алтынды иштете турган инвестордун алдына конкреттүү талаптар, милдеттемелер жана социалдык пакеттерди аткаруу тапшырмалары коюлат. Кудай буюрса, конкурс ачык жана таза өтөт. Кен иштетүү боюнча жаңы келишимге ылайык, кенден түшкөн пайданын 30 пайызы биздин казынабызга түшөт” деген маалыматты берди. Ишимбай мырза мындан тышкары "Жерүйдөгү" калдыктарды сактоочу жайдын курулушу талаш жаратып жатканын айтат. Ал эми кендин иштешине каршы чыккандарды бейөкмөт уюмдардын гана мүчөлөрү, алардын артында саясый топтор турат деп сүрөттөдү.

Талас облусу боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Өскөналы Осмонбеков - "Жерүйдүн" иштешине каршы чыккандардын бири. Анын айтымында, алтын кени учурда саясый оюндун куралына айланып барат. Өскөналы мырза өзүнүн каршы пикирин: "Жергиликтүү элдин көпчүлүгү кендин иштешине каршы. Комиссияга киргендердин көбү "дүжүр” болуп бүткөндөр. Карапайым эл мурдатан эле өз жашоосун өзү кылып келген. Элдин жашоосу алтыны жок эле оңолуп келатат. "Жерүй" иштеп калса жаратылышты талкалайт. Жайыттарыбыздан айрылып калабыз. "Кумтөрдү" көрбөдүкпү. Кен ачылса мөңгүлөр эрип, экологиялык катастрофага дуушар болобуз” деп билдирди.

Ал эми "Жерүй" алтын кени жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Сапаралиев Осмонбековдун сөзүн жокко чыгарды. "Буга чейинки алтынды иштетебиз деген беш компания элди жалкытып койду. Алар өздөрүнүн алдына коюлган тапшырмалардын бирин да аткарган эмес. Жакында эле төрт айылдын элин кыдырып, алардын пикирин жакындан билдик. Көпчүлүк эл "Жерүй" иштеши керек дешти. Баары эле экинчи "Кумтөр" болуп калбаса экен деп кооптонуп жатышат. Айыл башчысы катары жергиликтүүлөрдүн 85%ы кендин иштешине макул деп ишенимдүү айта алам. Кенге каршы митинг уюштуруп жаткандар айылдыктар эмес. Алардын артында саясый күчтөр бар. Таластын башка райондорунан чыгып провокация кылып жатышат” деген пикирин ортого салды. 

Булак: "Жаңы Агым”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter