15 марта 2013, 08:01

Айына 65 000 сом азбы же көппү?

Айына 65 000 сом азбы же көппү?
- Урматтуу Чолпон айым, Сиз Конституциялык соттун төрайымы болуп туруп, президент А.Акаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясын бир канча ирет бузушуна жол бергенсиз. Андан кийин дале ошол кызматта туруп, экинчи президент К.Бакиевдин дагы Конституцияны орой бузуп, мамлекеттик бийликти узурпациялап алышына жол таап бердиңиз. Кыскасы, Кыргызстанда бийлик ээлери Конституцияны каалагандай калчаган мамлекеттик кылмыштардын баары Сиздин колуңуз менен жасалып келген. Анын акыры өлкөгө кандай кесепеттерди алып келгендигин жакшы билесиз. Эки президентти го, эл өлкөдөн кууп чыкты. Алар кантсе да азырынча моралдык жазасын алды.

Чолпон айым, Сиз болсо, эч нерсе көрбөгөн-билбеген кыязда жөн гана пенсияга – "ардактуу эс алууга” чыгып кеттиңиз. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун берген маалыматына караганда, Сиз азыр өтө жогорку чекте - айына 65 000 (алтымыш беш миң) сом пенсия алат экенсиз. 40-50 жылдап Мекен үчүн баш көтөрбөй тер төккөн, керек болсо, согушта кан төккөн ата-энелерибиз да 10 миң сомго жетпеген пенсия алып, кара жанын эптеп багып жаткан чакта, Сиздин мамлекет чөнтөгүнөн ошончолук өлчөмдө пенсия алышыңыз адилеттүүбү? Деги кайсы эмгегиңиз үчүн? Ушул тууралуу ойлонуп көрдүңүзбү? 

Булак: "Фабула”. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter