15 марта 2013, 08:21

М.Асанакунов ээрден шыпырылат дейт

М.Асанакунов ээрден шыпырылат дейт
Ак үйдөгү маалымат булактарынын айткандарына ишенсек, жакында Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов ээрден шыпырылганы калыптыр, деп жазылат «Де-факто» гезитинин 15-мартта чыккан санында.

Айтымда, ага Мирбек Асанакуновдун көлдүн эли үчүн эч нерсе кылбай эле өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип атканы себеп экен. М.Асанакунов өзүнө сын айткандарга артында КСДП турганын, ал аздык кылса А.Атамбаев турганын айтат дешет.

«Көлдүн бүгүнкү губернатору тирукмуш фактылар, маалыматтар буга чейин ММКларда көп айтылып, жазылды. Жакын адамдарын облустук администрацияга толтуруп, жаманатты интригага көмүп салгандыгын ошол эле обладминистрацияда иштегендер күбүр-шыбыр кеп кылып жүрүшөт. Баарын мезгил көрсөтөт деген чын тура», - деп жазылат гезитте.

Анда белгиленгендей, эми көлдүк тургундар Асанакуновго караганда мурдагы губернатор Абдылдаев жакшы иштеген экен деп жүргөн чактары. Ал эми обладминистрациядагы кызматкерлер болсо, «Абдылдаевдин убагында жамаатта иштиктүү атмосфера өкүм сүрчү дешет», - деп кошумчаланат гезитте.

Булак : De-факто
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter